Фото — Икрамжан Илмиянов Москвадан колго түштү

УКМК Икрамжан Илмияновдун кармалганын ырастады. Бул туурасында коопсуздук комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттыкка» билдирди.

— Учурда Икрамжан Илмияновдун кармалгандыгы анык. Калган маалыматты кийинчирээк беребиз, — деди Рахат Сулайманов.

Кылмышка шектүүнүн кандай жагдайда, кайда кармалганы жана Кыргызстанга алып келингени жөнүндөгү маалыматты УКМК өкүлү кенен билдирген жок.

Айрым маалымат булактары Илмияновдун Москвадан кармалганын жазышууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго 19-октябрда эл аралык издөө жарыялаган. Ага Биринчи май райондук соту 18-октябрда сыртынан айып таккан. Өздүк булактардагы маалыматка ылайык ал президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турган кезде бизнесменден 150 миң АКШ доллар пара алгандыгы үчүн айыпталган.

Икрамжан Илмиянов 1975-жылы Баткендин Лейлек районунда туулган. Бир нече жыл бою «Кыргызавтомаш» жана «Электротехник» акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштегени белгилүү.

Президенттин сайтындагы маалымат боюнча Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 2009-2010 — жылдары «Медиа форум» ачык акционердик коомунда экономист болуп иштеген.

Икрамжан Илмиянов Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин эң жакын кеңешчилеринин бири болгону белгилүү.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу