УКМКнын төрагасы: Шадиев дээрлик бардык мүлкүн сатып жибергенге үлгүргөн

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов «Дело№» гезитиндеги маегинде Аскарбек Шадиевге кылмыш иши кеч козголгондугунун себебин түшүндүрдү:

«Азыркы мыйзамга ылайык парламент депутатына кылмыш ишин башкы прокурор өзү гана козгой алат. УКМК Шадиевге кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага материалдарды 28-мартта эле өткөрүп берген. Белгисиз себептерден улам андагы башкы прокурор Жолдубаева кылмыш ишин козгоого шашылган эмес. 11-15-апрель аралыгында Шадиев өзүнүн мүлкүн тез арада сата баштаган. УКМК анын мүлкүн кылмыш ишсиз камакка ала алмак эмес. Жаңы келген прокурор 28-апрелде кылмыш ишин козгоду. Андан бир күн мурун Шадиев кичи мекени Баткен облусунун Лейлек районуна «тууганыма топурак салам» деген шылтоо менен чыгып кеткен. Кылмыш иши козголгон учурда ал Кыргызстанда жок болчу. Депутаттык кол тийбестикке ээ болгон Шадиевдин иш-аракетине биз кылмыш иши жок болгондуктан чектөө кое алган жокпуз».

Идрис Кадыркулов Шадиев дээрлик бардык мүлкүн сатып жибергенге үлгүргөнүн, бирок аны сатып алгандардын айрымдары келишимдер жасалма түзүлгөнүн мойнуна алышканын кошумчалаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди он жылга сырттан эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарды.

Ал Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн акчага байланыштуу жана чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн күнөөлүү деп табылды. Эми мурдагы аткаминер менен анын жакындарына катталган 1,8 миллиард сомдук мүлк мамлекетке чегерилет.

Аскарбек Шадиев апрелде Кыргызстандан чыгып кетип, эл аралык издөөгө алынган. Анын иши боюнча соттук териштирүүлөр айыпталуучунун катышуусуз өттү.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу