Убадаларын унуткан Төрөбаев кайрадан элдин башын айлантуу аракетинде…

2017-жылдагы Президенттик шайлоо маалында атын булгап алган Бакыт Төрөбаев бир топ убакыт дымып жатып, быйыл жаз алды менен кайрадан жандана баштады. Бул кысталактын эмне себептен «тирилгени» белгилүүда. Кийинки 2020-жылы парламенттик шайлоо. Ошого утурлай баш көтөргөн эргул өткөнүн унутуп, кадимкидей акыл үйрөтүп атат, эй! Добуш топтоо үчүн элге кантип жагынуунун аргасын издеп күйпөлөктөп, кандай жол менен өзүмдү пиарласам деп убара тартууда. Эч кимди тааныбай эдиреңдеген нойондун эсине салып койолук, баягы 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында берген убадалар кайда? Анын 95 пайызы аткарылган жок.

2015-жыллагы шайлоо алдында карапайым элдин саламаттыгына кам көрөбүз, бскср текшерүүдөн өткөрөбүз деген ураан менен шайлоо алдында алыскы аймактарга дарыгерлердин тобун жөнөтүмүш болгон Төрөбаев шайлоо бүткөндөн кийин кумга сиңген суудай жоголбоду беле? Эми бул шүдүңгүт ошол куйту саясаты менен дагы бир элди алдачу дагы бир «идеяны» ойлоп таап, кайрадан аймактарды кыдырганы турабы? Бүттү да эми, Төрөбаев чапкан сайын көз чыкмак беле?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу