ТӨРӨБАЕВ ӨКМ ӨКҮЛҮНӨ: “ЭРТЕҢ МЕНЕН ИНТЕРНЕТТИ АЧСАК СОГУШТАН КАБАР АЛГАНДАЙ ЭЛЕ БОЛУП АТАБЫЗ”

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин сынга алды.

 Жыйында депутат: “Бүгүнкү күндө ӨКМ боюнча өкмөт тарабынан саясат барбы? Мен силердин саясатыңарды бир дагы көрбөй жатам. Тарых музейинде өрт болду. Кадамжай районунда сел болуп адамдар жабыр тартып, өлүм катталды.  Ошол жерде ошондой болоорун билгенсиңер.  Сузак районунда жер көчкү болуп атат. Ошондой эле  Боом  жолунда 12 жолу суу каптап, жолго таш түшүп жолду тосуп кандай деген акыбалга түштүк. Муну Бороновго жеткирип коюңуз”- деди.

Ошондой эле “Кечээ жакында эле Өзгөн районунда жер көчкү болду. Ошону силер билгенсиңер. Алдын ала   мажбурлап элдерди алып чыгыш керк эле ошондо эмне уктадынар. Кар калың жаады жакында да жер көчкү, селдер болот. Ошого даярсыңарбы” деген суроо салды Төрөбаев. Эч кандай даярдыгыңар жок экендиги көрүнүп турат деди эл өкүлү.

   Мунун менен катар эле акыркы убактарда авто кырсыктар көбөйүп жаткандыгын айтып: “Мына Бишкек-Ош жолунда  кайра-кайра авто кырсыктар болуп атат.Эртең менен интернетти ачсак согуштан кабар алгандай эле болуп атабыз. Ошол боюнча кандай саясат жүргузүп жатасыңар бир дагы саясат жок”-деди.

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу