Төрөбаев «Эмгектин» эшигин сагалап…

Презденттик шайлоодон бери дээрлик бир жарым жыл болду. Бул аралыкта көп өзгөрүү орун алды. Достор кастар кастар дос болушту. Бир гана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев ордун таба албай кыйналды. Бийликти мактап сөз сүйлөсө “кошоматчы жөн эле отурса” дешет, сындайын десе “кайсы арына сын айтат, тынч оокатын кылбайбы” дешет, айтор жаман эле болду. Буга дейре тапкан кадыры какшып, эл жерип турат. Мындан улам, кийинки шайлоодо кимдин этегин кармайм дегенге баш оорута баштады. Жакындан бери “Эмгек” партиясынын кожоюну Аскар Салымбековду шынаарлап калды. Кезинде теңсинбей “Эмгекти” чанды эле, эми эшигин сагалап калганы чатак…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу