Төрөбаев шайлоодогу шаан-шөөкөттү токтотсок дейт

Чындап эле ар бир шайлоодо ырчы-чоорчулардын коштоосу менен талапкер же партияларды жолугушуусу, элдин алардын келечек аткара турган программа, ой-тилегин укканы эмес концерт көргөнү эле баргандай туюлат. Акыркы кездерде шайлоочуларды чогултуунун бир амалы катары, кымбат акча төлөп эл келе турган акындарды же куудулдарды жалдоо да адатка айланган. Мына ушундай абалдан кутулуунун жолу катары депутат Бакыт Төрөбаев алдыдагы 2020-жылы боло турган шайлоого ырчы-чоорчуларды жалдоону токтотууну сунуш кылды.

Анын пикиринде баардык эле партиялар ырчыларды жалдап ырдатканга кудурети жетпейт. Шайлоонун жүрүшү баардыгына бирдей болуш керек деген оюн айтат депутат. “Ошондукган, оюн-зоок программаларын токтотууну сунуш кылабыз. Шайлоочулар менен дискуссия, пикир алышуу максатында басылмалар аркылуу баарлашалы. Керек болсо, мыйзамдуу митинг, пикеттерде кездешели. Биз ошого дайынбыз” – деди Төрөбаев.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу