Төрөбаев төө болуп атабы?

Бир нерсени кеч аңдап, же баарынан кийин гана үн салган адамдарды кыргызда «эмне төө болуп атасыңбы?» деп коюшат. Бизде мындайлар ЖоКеден да кезигип атат. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев акыркы кездерде чочугансып маселе көтөрүп калып атат, жарыктык! Баягы, Дача-Су айылына кулаган учак боюнча иликтөө эмне болду деди жакында болгон ЖКын комитет жыйынында. Ошол кырсык учурунда кайда элеңиз, Бакыт мырза? Же ал кезде премьер-министр болуу кыялы менен башка планетада жүрдүңүз беле?! Же ким бирөөнүн сөздөрүнөн дары издеп аттыңыз беле? Деги дарыланып чыктыңызбы? Таасир эттиби? Дени-кардыңыз соо болгой эле. Ал эми акыл парасат жаатын айтпай ак коелу.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу