Төрөбаевдин фракциясында бунт

“Өнүгүүнүн” лидери, Эргеш акенин уулу Бакыт президенттик шайлоодо тандем түзүп, премьер болмокчумун деп саясаттын соккусун катуу жеди. Бирөө менен тандем түзбөй өз алдынча бара бергенде, Бакыт мырза эл алдында өзүнүн салмагын аныктоо менен аброюн да сактап калмак. Ушунча жылдан бери элге жасаган эмгеги бир айдын ичинде эле текке кеткендей болду. Тандемдеши жолугушууларда “Өнүгүүнүн” эл үчүн жасап жаткан иштери тууралуу жарытылуу сөз айтып койбоду. Жок дегенде Төрөбаевдин айыл жерлерин көтөрүп жаткан эмгектерин чагылдырган бир баннер шаарда илинбеди. Бакыт мырза анда дагы үн каткан жок. Эми болсо парламенттеги фракциясынан ырк кетип, депутаттары лидерликтен оодара жаздашты. Азырынча бунт чыгарган үч депутат фракциядан кош айтышты. Бирок, бул башталышы гана. “Республика” деген фракция дагы учурунда үчтөн-төрттөн болуп тарашып кеткен эмес беле. Ошол илдет “Өнүгүүгө” жуккандай.

Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу