ТӨРӨБАЕВГЕ “КРЕМЛДИН КӨЗҮ” ТҮШТҮБҮ?

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев ушул тапта Москвада Кремлдин таасирдүү лөктөрү менен жолугушуу өткөрүп жүргөнү айтылууда. Президенттик так талашта негизги талапкер катары топ жараары эмитеден байкалып калды. Мындан улам Бакыт мырзанын калың колдоочулары, кадыры бийик экенине Москванын көзүрлөрүнүн дагы көзү түшкөн окшойт. Демек алдыдагы аламан жарышта Төрөбаевдин жылдызы жанып, экинин бири катары көзгө урунуп, атаандаштарынын түн уйкусун бузаарынан шек санабай койсок болчудай…

Булак: “Фабула”

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу