Төрт судьяга кылмыш иши козголду

Жогорку соттун мурдагы бир судьясына жана Бишкек шаардык сотунун азыр иштеп жаткан үч судьясына коррупция беренеси менен кылмыш иши козголду.

УКМК билдиргендей, алар чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлктөрүн, кендерин рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар кылмыштуу топтун кызыкчылыгын коргоп, адилетсиз чечим чыгарган.

8-февралда Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун иштеп жаткан үч сотуна карата жана  Жогорку соттун мурунку бир сотуна коррупция боюнча кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын ноябрында кылмыш белгилеринин жогоруда көрсөтүлгөн фактылары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясында 303-беренеси (коррупция) боюнча Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата кылмыш иши козголгон.

Булак: Калыс Медиа 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу