Төмөнкү беш нерсени аткаруу менен сиз оорубайсыз!

Кышкы убак ар кандай грипп, жугуштуу оорулардын түрмөгү болуп саналат. Айлана-чөйрөгө көз салганда биринин чүчкүрүп, жөтөлүп, экинчи адамдын мурдунан суу куюлуп жаткандыгын байкоого болот. Мына ушундай шартта сиз иммунитеиңизди бекемдеп, ооруга чалдыгып калбаш үчүн эмне кылуу керек?

1.Колуңузду бат-баттан самындап жууп туруңуз. Дал ушул колубуз аркылуу бири-бирибизге миңдеген бактериялар өтөт экен. Башкача айтканда оорулардын 80пайызы кол аркылуу жугат.

2.Чөнтөк телефонуңузду жана компьютериңизди тазалап, аарчып туруңуз

Өздүк жумуш күнүңүздү, жумуш ордуңуздагы үстөл, компьютерлерди тазалоо менен баштаңыз. Бизге билинбеген, көрүнбөгөн миңдеген батерияларды үстөлүбүздүн үстүнөн жана кичинекей чөнтөк телефондон кездештирүүгө болот.

3.Кан айланууга көңүл буруңуз

Адамдардагы бир эле жерде отуруп иштөө, кан айланууну төмөндөтөт. Ар үч саат сайын жок дегенде туруп, бирден көнүгүү жасап туруу менен организмдеги кан айлануу системасын жакшырткан болосуз.

4.Эң негизгиси туура дем алуу керек

Кулак, мурун дарыгерлери туура дем алуунун ден-соолукка тийгизген таасири жогору экендигин айтышат. Себеби, чуркап же басып бара жатканда ооз көңдөйү аркылуу, ар кандай чаң жана микроэлементтер ичке кирет.

5.Сууну көп ичүү кажет

Вирустук оорулардан сактанунун дагы бир жолу-суюктукту көп ичүү болуп саналат. Бал, лимон жана ромашкадан турган чай эң мыкты антисептик.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу