Төлгөчү Света Тойгонбаева: «Атамбаевди Жээнбеков кабыл алмак турсун… «

Төлгөсү төп келген, алдын ала айткандары көптөрдү ойго салган төлгөчү Света Тойгонбаеваны кепке тартып, ага түшкөн аяндар тууралуу сүйлөшүп, айрым суроолорго жооп алдык.

— Жээнбеков менен Атамбаевдин мындан аркы достугу тууралуу эмнени айта аласыз?

Алмазбек Атамбаев азыр Сооронбай Жээнбеков менен тил табышам деп катуу аракет кылып жатат. Бирок, анын ал аракетинен жарытылуу деле жыйынтык чыкпайт. Атамбаевдин кечиришели, элдешели деген салам-дубайына Сооронбай Жээнбеков кабыл алмак турсун маани да бербейт. Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен элдешүүдөн мурун ден соолугуна кам көрүшү керек. Ден соолугуна кам көрбөсө, азабын ченебей тартып калат.

Баса, Атамбаев камалсын, кол тийбестиги алынсын деген ойдогулар көп болгону менен Мен, Атамбаевди темир тор артында көргөн жокмун. Сооронбай Жээнбеков аны менен элдешпесе дагы аны  камабайт.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу