Төкмө акын Идирис Айтбаевге өзбек президенти үй жана унаа убадалады. 5 тилде төккөн акын тилдерди кантип үйрөнгөн?

Кыргыздын төкмө акыны Идирис Айитбаевге өзбек президенти Шавкат Мирзийоев үй жана автоунаа белек кылууга убада берди. Бул маалыматты SUPER.KG порталына акын өзү тастыктады.

«5-сентябрь күнү резиденцияда кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселеси боюнча төгүп, «ушул кырдаал тез арада чечилип, Андижанга эч тоскоолдуксуз унаа менен барып-келип калсак экен» деген таризде ырдадым эле. Соңунда Шавкат Мирзийоев ордунан туруп кол чаап, Андижандан үй жана «Chevrolet Malibu» автоунаасын белек кылууга убада берди. Бирок колума тапшырыла элек. Мен белек убадаланганына эмес, качантан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселеси чечилгенине аябай кубануудамын», — дейт акын.

Ошондой эле, интернет тармагына тараган «Chevrolet Malibu» унаасы менен түшкөн сүрөт белекке берилген унаа эместигин, аны мурда Андижанга барганда автоунаа чыгаруучу заводдон түшкөндүгүн айтты.

Белгилей кетсек, Айитбаев кыргыз-казак айтышында 5 тилде төккөнү менен көпчүлүктүн эсинде калган. Мындан улам көп тилди кайдан үйрөнгөнүнө кызыгып суроо салганыбызда төмөндөгүдөй жооп берди.

«Кесибим — англис тили мугалими. Андыктан бул тилди жакшы эле билем. Бир кезде түрк лицейинде мугалим болуп, түрктөр менен иштешип калгандыктан алардын тилин да өздөштүргөм. Өзүм өзбек жеринде төрөлүп, балалыгым ошол жакта өткөндүгүнө байланыштуу өзбек тилинде эркин сүйлөйм. Ал эми орус тилин окуган эмесмин, өзүм эле үйрөнүп алгам. «Көптөр башка тилдерде айтышып, айтышты бузуп жатат» деп айтып жатышыптыр. Мен башка тилди кошоюн деген эмесмин. Казак акыны «чет элдиктер отурушат, алар түшүнбөй жатышат» дей бергенинен ага жооп кылгым келди. Анын үстүнө айтышта жаттап эмес, чын жүрөктөн төгүп ырдаган маанилүү», — деди ал.

 

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу