Түштөн кийин эмнени сыйпалап тапмак эле?

Жети жылда керек болсо бүткүл элдин ырыскысын чычкандай ташып кетүүгө боло турганын шылуун чиновниктер тастыктап берип койду. Мындан тогуз жыл мурда Бакиевдер тарабынан чыгарылып кеткен сансыз каражаттардын чыныгы көлөмүн микроскоп менен карап аныктай албайбыз. Казынага түшө турган болду делген 4,5 миллион долларды айтып түгөтө албай жатабыз. Анын деле таржымалы шектүү экенин билүүгө акыл жетип турат. Негизи качып кеткендерден бир сом да өндүрө элекпиз. Мунун калпы жок. Кечээ күнү эле сатканын сатып, колдогусун долларга айлантып Америкага жортуп кеткен эпчил Аскарбек Шадиевдин байлыгын санап байыгандан башка аргабыз калбады. Себеби, анын мүлктөрү мамлекетке кайтарылып бериле элек. Болбогон эле курулай “сводкаларды” берүүгө маш күч түзүмдөрү болсо сүт чыкпаган упчуну оозго салуу менен амалданууда.

Мамлекеттин байлыгын эпке келтирүү боюнча “мелдешке” чыккандардын жоон тобу пайда болгону акыры билине баштады. Бажыны, салыкты, антимонополияны жөнгө салгычтар болсо кайсыл жерден жылчык табылса аңырайтып жиберүүгө уста экендигин аныктоого кудурети жетерин тастыктады. Ошол жердин кароолчуларынын эле орду канча миң долларга бааланганын уксаң ээгиң тизеңе түшөт. Тигил посттогулардын болсо табити сомго ачылбай калганынан жалаң алакандарына евро менен жашылбайлар шыкылдап түшүп турат. Ошол үчүн шаарда сатылчу турак жайлар, тойканалар, сауналар, крутой унаалар, учактар, гектарлаган жерлер эч убакта сом менен бааланбайт. Жадегенде еврону сомго айландырууга моюндары жар бербей калганы качан көпөстөрдүн. Айтор, көпкөндөрдүн желин чыгаруу башталды делип коңгуроо кагылганы менен иш жүзүндө тескерисинче паракордук, жегичтик күчөп баратат. Дале болсо акелер, жээндер, кудалар, өкүл балдар, жарма достордун доору сүрүп турган кез.

Айрыкча Раим “Миллиард” тууралуу икаялар басылбай апогейине жетти. Мына текшеребиз деп койуп ага шарт түзүп бергендер аягында чыпалакка илинер нерсе табалбай калышар бекен деген каңшаарлар теребелге тарады. Акыйкатта эле биротоло боорун жерден өйдө көтөрүп алган байбачаларга эч кимдин тиши өтпөй каларына көзүбүз жетти. Өлкөдөгү таанымал эле коомдук ишмерлер, бизнесмендер, атка минерлер, эл өкүлдөрү, жазуучулар Раим үчүн союл көтөрүп чыгууга даяр экенин далилдешти. Көрсө акча деген коңулда жаткан адамды да жандантып, керек болсо бакыртып колдоочу катары таанытып коет турбайбы? Болбосо ууруну ууру, кескини кески, алып жутарды өзүнүн аты менен атоого коомчулук даяр болмок да? Тилекке каршы жооптуу бийликтин өкүлдөрү деле бул мага чейин эле байып алса мен неге жооп бермек элем деп четке чыкмак эмес да. Ушундан улам байлыгына чиренгендер баягысындай эле тойлорго барып, он миллиондук падеркесин берип, бийге түшүп кайкалап жүрүшпөйбү, эч кимди тоотпой. Демек, тазаланып баратабыз, жаңыланууга чыйыр салына баштады дегендин өзү апыртма болуп калды. Учурда коррупциянын чети да оюлбайт дегенге ынанууга туура келет.

Булак:Ачык сөз гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу