Түрк элчисинин «ТҮРКТӨЙ» аракети…

Эс алуу күндөрү Муфтиятта ооз ачар уюштурулуп, ал жака аттуу-баштуу лөктөр чакырылган. Чакырылгандардын арасынан түрк элчиси Женгиз Камил Фырат да бар болуп, анда элчи кыргыз Муфтийи- не чочоңдоп, наалып жаткан видео тарады. Көрсө, элчини “Сапат” лицейинин жетекчилигинин жанына олтургузуп коюптур. Болгон күнөөсү ошол экен. Ошого нааразы болуп, 35 миллион долларга салган мечитин колко кылып дөөгүрсүнүп жатыптыр. “Жаман үйдүн коногу бийлейт” болуп, кылган ишин милдет кылганы кудайга деле жакпаса керек. Башкача айтканда түрктөр өздөрүнүн саясатын, бири-бирине болгон кастыгын, ич ара маселелерин өздөрүнүн өлкөсүндө жүргүзсүн. Муфтият кимди ооз ачарга чакырат, кимге тамак берет, ал муфтияттын иши! Жанында олтурган кишилер жакпаса салган мечитти колко кылбасын. Көпкөндө да ушу турктөр көпкөнү, акыркы кездерде акырын ушинтип билине баштады. Ошончо эле мусулманчылыкты бийик туткан киши болсо, шариятта адамды бөлүп кароо бар бекен? Чакырылгандан кийин короздонбой шук олтур да, арыдан бери болуп. Элчинин бул кылган кылыгы эч бир Дипломатияга туура келбейт. Мындай эси жок элчиге баа берилиши абзел. Сыйды билбеген элчинин, орду Кыргызстан- да болушу керек эмес. Ал эми мечит салганын колко кылганы муфтияттын наамына келеке түшүрдү. Алла жолунда жүргөн ажыкелердин алласын оозунан түшүрүп, айыптарын ачып сал- ды. Социалдык сеттерде коомчулук экиге бөлүнүп, бири элчинин, бири муфтияттын таламын талашып жатып калышты. Ал эми Азирети муфтий Максат ажы турган муфтияттын кылыгы бир эле өздөрүнүн эмес, кыргыз мамлекетинин аброюна көө жапты. Ыйык Орозо айында “Гюленчилер ” менен “Эрдоганчыларды” элдештирип, эки дүйнөдө бактылуу болушайын дешсе керек.

БУЛАК: Факты.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу