Түрк актёру Бурак Өзчивит Ташкентте бай аялдар менен түштөнгөнү үчүн 379 миң доллар алганы айтылды…

«Түбөлүк сүйүү» сериалындагы Кемаль аттуу каармандын образы аркылуу таанылган түрк актёру Бурак Өзчивит Ташкентте бай аялдар менен жолугушуп, тамактангандыгы үчүн 379 миң доллар алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматтарда киноактёр фуршетте өзбек олигархтарынын аялдары, бизнестеги айымдар жана Ташкенттин моделдери менен жолукканы үчүн 2 жарым сааттын ичинде 379 миң доллар алганы айтылат. Жергиликтүү маалымат булактары да Бурак Өзчивит Ташкентке 18-февралда барып, анын актёрлук талантына күйөрмандык кылган аялдар менен түштөнгөнүн жазышты. Ошондой эле ал өзбек кинорежиссёрлору менен баарлашып, алдыда тартыла турган жаңы сериалга катышуу боюнча маселени талкуулап, жаш актёрлорго мастер-класс өткөнү белгилүү болду.
БУЛАК:super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу