Түркмөнстандын президенти 8-мартка карата аялдарга 11 доллардан берсе биздики…

Түркмөнстанда 8-март аялдардын эл аралык күнүнө президент Гурбангулы Бердымухамедов кыз-келиндердин ар бирине 40 манаттан (11 доллар) берет. Бул тууралуу «Нейтральный Туркменистан» басылмасы билдирди.

Президенттин кол койгон буйругуна ылайык, акчалай белек менчик ээсинин формасына карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген аялдарга берилет.

Андан сырткары, 40 манатты пенсия жана жөлөк пул алгандарга, аспирантурада окугандарга, докторантура менен клиникалык ординатурада, президенттин алдындагы мамлекеттик кызмат академиясынын курстарынын угуучуларына дагы берилет.
Президенттин буйругу студенттерге, окуучуларга жана бала бакчалардын тарбиялануучуларына дагы тиешелүү.

8-мартка карата аялдарга президенттин атынан 40 манат берүү салты маркум президент Сапармурат Ниязовдун тушунда калыптанган. Бул акчага Түркмөнстанда жайкы кийим үчүн кездеменин бир бөлүгүн сатып алса болот.

Ал эми кыргызстандыктар 8-мартка карата төрт күн эс алмай болду.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу