Түркмөнстанда спирт ичимдигин сатууга тыюу салынууда

Ашхабадда жана облустардын административдик борборлорунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынууда. «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянып жазгандай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жогору жактын оозеки буйругунун негизинде соода жайлардагы алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоодо.

Түркмөнстанда бул жолку спирт ичимдигин сатууга каршы күрөш 5-июлда «Алкоголдун зыяндуу таасирин алдын алуу боюнча улуттук программа» кабыл алынгандан кийин башталды. Күрөштүн алкагында жеке дүкөндөрдөгү бардык алкоголь продукциялары конфискацияланууда.

«Мир» базарындагы дүкөндөрдөн эч кандай документтерсиз эле спирт ичимдиктери ташылып кетип жатканын өз көзүм менен көрдүм. Дүкөн ээлерин товардын конфискациялангандыгы тууралуу кагаздарды толтуруу үчүн шаршемби күнү полиция департаментине чакырышты», — деп билдирди ашхабаддык байкоочу Аманмурат Бугаев.

«Түркмөнстан хроникасы» 12-июлда күч түзүм кызматкерлери жеке дүкөндөрдү кыдырып, спирт ичимдиктерин алып кетип жатканын кабарлаган.

Маалыматка караганда, акыркы бир нече айдын ичинде Түркмөнстанда спирт ичимдигине ууланган адамдардын саны көбөйдү. Алардын арасында каза болгондору дагы бар. Өлкөгө метил спирти алып келинип, ал этил спиртинин ордуна колдонулганы айтылууда.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу