ЖМК: Түркияда кыргызстандык кыздар сексуалдык кулчулуктан бошотулду

Азербайжандык аялдар шаардагы мейманканалардын биринин ээси менен сойкукана уюштурган.

Түркиянын полициясы кыргызстандык жана өзбекстандык кыздарды сойкулукка мажбурлоого шектелгендерди колго түшүрдү. Бул тууралуу Haberler сайты жазып чыкты.

Уюштурулган атайын рейд учурунда полиция кызматкерлери Анталиядан алты адамды (алардын үчөө аял) кармаган. Ал эми Манавгат шаарынан мейманканалардын биринин жетекчиси менен сүйлөшүп алып сойкулардын жайын уюштурууга шектелген азербайжандык аялдарды колго түшүргөн. Кийин шектүүлөр кыргызстандык жана өзбекстандык кыздарды денесин сатып иштөөгө мажбурлап келишкени аныкталган.

Рейддин алкагында укук коргоо органдары кулчулуктан 10 кызды куткарган. Алардын үчөө түркиялыктар болсо, жетөө башка өлкөдөн келгендер. Алар Анталья округунун полициясынын миграциялык бөлүмүнө берилген.

Мейманкананын ээси менен кармалган башка жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу