Түркияда кыргызстандык аялдарды сойкулукка мажбурлаган топ кармалды…

Түркиянын Коджаэли шаарынын полициясы Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстандан чогулган аялдарды сойкулукка мажбурлоого шектелген топту кармады. Haberler.com маалымдагандай, кармалган тогуз аялдын ичинен төртөө камакка алынды.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, алар чет элдик аялдарды Түркияга иштөөгө чакырып, бирок аларды сойкулук менен иштөөгө мажбурлашкан. Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстандын жараны болуп эсептелген 10 аял депортациялоо үчүн Коджаэлинин Миграция башкармалыгына жөнөтүлдү

БУЛАК:turmush

Аргумент.kg
Жооп калтыруу