Түндүк-түштүк жолунун курулушу 2021-жылы бүтүүгө тийиш…

Түндүк-түштүк жолунун жалпы узундугу 433 чакырым. Анын курулушу 2021-жылы бүтүүгө тийиш. Азыр анын Балыкчы шаарынан Кочкор айылына чейинки, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу менен каржыланып бүттү. Эми калган бөлүгүнө Азия өнүктүрүү банкы түндүк-түштүк жолунун курулушуна 78 млн. доллар көлөмүндө каражат, анын ичинде 68,5 млн. доллар жеңилдетилген насыя, 9,5 млн. доллар грант берүүгө даяр. Насыяны жабуу мөөнөтү — 32 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү — 8 жыл. Ошону менен бирге, кыргыз тарап 12 млн. 750 миң доллар кошумча каражат кошууга тийиш. Насыя жеңилдетилген мөөнөттө 1 пайыз, андан кийин 1,5 пайыз үстөгү менен берилүүдө. БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу