Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушуна дагы 56 млн. доллар керек

Бул акчаны Транспорт жана жол министрлиги Кытайдын Эксимбанкынан грант түрүндө алууну көздөп жатат. Аталган министрликтин өкүлү парламент комитетинде билдиргенине караганда, тиешелүү сунуш Финансы министрлигине жөнөтүлдү.

Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушуна Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкынан буга чейин 1 миллиард доллардан ашуун каражат алган.

26-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети автоунаа жолдорунун абалы жана жолдорду куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча маселени карап жатат.

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу