Түлкүдөй кубулган Ниязалиеванын эки жүздүүлүгү

15-октябрь күнү 23.30да Сооронбай Жээнбеков Форумдагы штабдан маалымат жыйынга келип, журналисттердин астына чыкканда Иса Өмүркулов КСДПнын лидери катары татыктуу түрдө оң жагына өтсө, сол ыптасына Дамира Ниязалиева жабыша калып, кайра штаб башчы Фарид Ниязовго оордун бошото койду. Дал ушул жерден Ниязалиева өтө жаман көрүңдү. Ал өзүн көрсөтүп калуута жанталашып, алдыга жутунганы, ордун билбегени жана жасанкерленгени ачык байкалды. Эфирге тартылгандан айланабы?! Мындай жеңил пиарды түшүнгөндөр мыйыгынан жылмайышты эй! Дамира айым кыйратып деле добуш албаса, акыл-насаат айта тургандайанчалык деле аналитик болбосо, анда неге жүткүнүүдө? Мындай жеңил-желпи жүрүшүн КСДПнын штабындагылар бизге айтышып, баары мурдуларын чүйрүп атышат. Тагдырдын тамашасын кара, эмесе, артка кылчайып, кашкайган бир фактыны шардана кылалы. 2009-жылы Алмазбек Атамбаев оппозициядан бирдиктүү талапкер катары президенттик шайлоого чыгып, бийликтин ыплас ыкмаларына кабылып, утулуу ызасын тартып атканда, Дамира Ниязалиева КСДПдан депутат болуп туруп, КурСалиевичтин командасына өтүп кеткен. «Акжолчулар» менен шерине жеп, каткырык-күлкүгө батып, саткынчылык жүзүн көрсөткөн! Атамбаев башына оор күн түшүп, башкы оппозиционер катары кыйналып жүргөндө, ал Форумдун имаратына жолобой калган болчу. Эми карасаң, Ниязалиева түлкүдөй кубулуп, кыялдагы кызматын ала албай жанталашып атканын…

Булак: “Азия Ньюс”

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу