Түлеев кан көксөп жатабы?

Коррупцияга айыпталып камалып, үй-мүлкү конфискацияланып 11 жылга кесилип, бирок бийликтин тилин таап 60 миллион сом айып төлөп жазадан жеңил кутулуп кеткен Нариман Түлеев бүгүн эски кегин кууп, Атамбаевди жоопкерчиликке тартыш керек деген ураанды көтөрүп штаб түзүп антимитинг өткөрөбүз деп элди бөлүп-жаруу аракетин баштады. Баягы 2010-жылдагы революцияда ак кепкачан спортсмендерди жалдап элге каршы тукурган. Кийин түштүктө кыргыз-өзбек ортосунда кандуу кагылышуу болгондо, ошол кездеги УКМК башчысы Кеңешбек Дүйшебаев жаңжалга чок салган уюштуруучулар катары Бакиевдер менен Нариман Түлеевдин атын атаган жайы бар. Бул туурасында: «Түштүктөгү кан төгүлгөн согушту Курманбек Бакиевдин улуу баласы Марат менен Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев экөө каржылап уюштурушкан» — деп билдирген. Мына эми дагы ошол койнундагы котур ташы кайрадан козголуп жатат. Мунун ою, дили бузуктугу ушундан билинет.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу