Түлеев: Атамбаев менден Жээнбеков менен элдештирүүнү өтүнгөн

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, саясатчы Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев андан президент Сооронбай Жээнбеков менен элдештирүүнү өтүнгөнүн өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Мен Сооронбай Жээнбеков менен тааныш эмесмин, мен аны менен кол алышып да көрбөгөм, бирок ал достук менен мамлекеттик кызыкчылыктын ортосунда калганда экинчисин тандап алгандыгы үчүн колун кысмакмын. Алмаз менден элдештирүүгө жардам беришимди өтүнгөн. Анын көзүндө өтүнүч эмес, жалдыроо көрүнүп турган. Бирок мындай өтүнүчтө эч кандай логика жок болчу, себеби мен президент менен тааныш эмесмин. Атамбаев анын схемалары жана Кыргызстанга тийгизген кесепети билинип каларынан коркуп, ушундай кадамга барган», деп жазган Нариман Түлеев.

Түлеев өзүнүн баракчасына жарыялаган постунда КСДПнын бүгүнкү басма сөз жыйынын «шоу» деп атаган.

Бүгүн Алмазбек Атамбаев жана Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСПД) партиясынын жетекчилиги басма сөз жыйынын өткөрүп, анда Атамбаев Жээнбеков менен элдешүүгө аракет кылганын жана ал революция уюштурууга барбай турганын дагы бир сыйра билдирген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу