“Түкүрүк өкмөттүн” түкүрүгү көзүнө түшүп жатабы?

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев иштин көзүн билбеген мажүрөөлүгүнүн айынан эмне кылышты билбей такыр айласы кетип калды. Түкүрүккө айып салабыз деп, өзүнүн министрлер кабинетин түкүрүк өкмөт атыктырып, баарынын беделине көө жапты. Айдоочуларга оңбогондой, асмандаган айыптарды төлөтүп жек көрүндү болуп жатат. Экономиканы көтөрө албай, Улуттук банк аркылуу баалуу кагаздарды чыгарып, элди сатып алгыла деп жалдыроодо. Ал аз келгенсип, иштей албаган өзүнө окшогон министрлерди иштен алгандын ордуна, кайра аларды калкалап коргоодо. Сыягы, “балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” болуп иштешкенди жакшы көрөт өңдөнөт.

Мына Мүлк фондунун башчысы Ренат Түлөбердиев иштей албай ымтырап отурат. Ага чара көргөндүн ордуна ээр токумдун үстүнө ээр токуп, Мүлк фондунун функцияларын кайталап улам бир ишкана түзүү менен алек. Буга дейре “Мүлк” ишканасын түзүп, мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу үчүн Токтогул Тумановду башчы кылып отургузушкан. Ошол бойдон Тумановдон дайын жок. Эми болсо, “Улуттук башкаруучу компания” деген ачык акционердик коом түзүп жатат. Минтип бир мамлекеттик мекеме аткарчу ишти бөлүп-жарып, майдалап же ээрдин үстүнө ээр токуп, “бөйрөктөн шыйрак чыгаргандан” эмне майнап чыгат? Карайлап эле дубалды сүзө бербестен, колунан иш келбесе урунуп-беринип, деңизге калагы жок сүзөм дебей иштен кетпейби?

Арийне, өкмөт бюджетке күч келтирбей сапаттуу, эффективдүү иштеген чакан, мобилдүү болуш керек эле го”. Абылгазиев болсо Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Ринат Түлөбердиев иштей албай жатканы үчүн ансыз да жыртыгы аңырайып турган бюджетти кемирген бирин-бири кайталаган ишканаларды түзүп убара. Мындайды акылман кыргыз “койчусу көп болсо кой арам өлөт” деп эле түшүнүктүү кылып айтып койгон.

Чындыгында, түзүлүп жаткан ишканалар Мүлк фондунан тизгин, токоч талашпаса, башка иш кылбай турганын бөркүбүздөй эле көрсөк болот. Мурда мамлекеттик ишканаларды бир адам жесе, эми үч адам жейт. Башка божомолдош кыйын. Бул үч ишкана Крыловдун тамсилиндеги чортон балык, ак куу, чаяндай болуп үч жакка жыра тартып, “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” болуп турган ишти такыр ойрондотот. Ушул зарылбы?

“Жаманды Кудай неге албайт, жаткан төөгө мине албайт” дегендей, бир мээнет чырмаса андан кутулуш кыйын тура. Иштин көзүн билбеген адам тигишинен ыдыраган шымды балбаалатып кийип алгандай, сөгүлгөн жерин жымсалдап тигип, булайган этиң көргөзбөй алып жүргөнгө дагы жарабай калат тура. Канчалык аракет кылган менен ар бир демилге, сунушу “көктү карап түкүргөн түкүрүктөй” кайра өз көзүнө түшүп жатат.

Дегенибиз, мына быйыл бажыканага былтыркыга салыштырмалуу көбүрөөк товар кириптир. Бирок Кытайдан өткөн товардын көрсөтүлгөн наркы, саны аз. Бажы алымы былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард сомго кем. Демек, серый схемалар дале иштеп жатат. Салык тармагы дагы сазга баткан. Жыл башынан берки 4 айдын жыйынтыгы менен 1,5 миллиард сомдой аз чогулган. Салыкчылар болсо патенттердин баасын көтөрүп, алдын-ала төлөмдөрдү чогултуу менен элдин жонунан кайыш тилүүдө.

Болот Курч

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу