“Түкүргүч” бала Атамбаевдин хансарайына барып какырса жарашмак, мыйзамды Атамбаев кабыл алган…

Шамалга каршы түкүрсөң, өз бетиңе чабылат деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары экс-ажо А. Атамбаевдин тапшырмасы менен 7-январда бир жаш жигит Ак үйдүн алдына келип, мурдундагы «жин-боктун» баарын оозуна толтура тартып, түкүрүнүп кеткенин көрдүк. Ал муну коррупционер чиновниктерге каршы акциясы катары сыпаттады. Бирок, анын артында АШАнын жансакчысы Дамир Мусакеев тураары белгилүү болду.
Эгерде бул жаш жигит чындап эле коррупционерлердин бетине түкүргүсү келсе, анда алардын үйүнө барып түкүрүшү керек эле. Ал эми Ак үй – бул жалпы Кыргызстандын Ак ордосу, ал жерди сыйлаш керек. Ак ордону сыйлабагандык өз мамлекетиңди сыйлабагандык болуп калат.
Мисалы, ошол жаш жигит биринчи кезекте Кой-Таштагы АШАнын хансарайына барып, «мурдунун ичиндегилерди» оозуна насос менен соргондой тарттырып туруп, оозун толтура түкүрүп келсе болмок. Бирок, Ак үйдүн алдына түкүрүп келүүнү ошол АША өзү тапшырып атканында кеп болуп атпайбы.
Мына ушундан улам учурда жаш активисттер АШАнын хансарайынын алдына барып түкүрүү акциясын жасоону ойлонуп атышканын эшиттик. Эгерде жалпы кыргыз эли барып АШАнын үйүнө түкүрсө, анда ал жерге канализация туташтырылган түкүргүч керек болуп калат го, деп жазат «Чыркырган чындык».

Белгилей кетсек, социалдык түйүндѳрдѳ кызуу талкуу жараткан жаңы мыйзамдын таржымалы 2015-жылы башталып, ошол кезде жазылган. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү кол койгон. Бул мыйзам долбоору азыр деле Адилет министрлигинин расмий сайтында илинип турат. Аталган мыйзам долбоору «Айдоочулардын жоопкерчилигин күчѳтүү жана автотранспорт каражаттарын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» каралган. Алгач бул мыйзам долбоору 2016 – жылы күчүнѳ кирмек. Бирок ал кезде Атамбаев абройун жоготуп алуудан чоочулап, ошол кездеги КСДП партиясынын демилгеси менен бул мыйзам 2019-жылдын 7-февралына жылдырылган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу