ТЭЦтин  соту туңгуюка такалдыбы?

Коомчулукта бүгүн эки ача ой жүрөт.

Биринчиси камакта жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жөн гана саясий тирештин курмандыгы деген пикир.

Экинчиси болсо, жок ал  эч кандай курмандык эмес, чындап эле коррупциялык схемаларды иштеп чыккандардын ана башында турган деген пикир.

Сот болсо созулуп келет. Качан коюулган күнөөлөр боюнча өкүм чыгаары да белгисиз. Сапар Исаков адвокаты аркылуу ар кандай маалыматтарды таратууга да үлгүрүп жатат. Ошолордун бири финансы министрлигинин сотко келген өкүлдөрүнүн  үстүрттөн айткан пикирлери болууда. Исаковдун оюу боюнча  коюулган күнөөнү негиздеп  цифра фактыларды келтире албай жатышат. Алар жөн гана жалпысынан “Биз коюулган күнөөнү колдойбуз”- дегенди гана айтышат экен.

Ал эми Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев минфин өкүлдөрүнөн канча каражат өздөшурүлгөнүн сураганда 360миллион 445мин АКШ доллар деген жооп алган. Айбек Калиев: “Анда эмне үчүн бизди  386 миллион доллар чыгым келтирдиңер деп айыптап жатышат?”-деп  суроону кабыргансынан койду. Анын пикири  боюнча маалыматты бурмалоо жүрүп жатат.  Бул фактылардын өзү ЖЭБ боюнча сот татаалдашып баратканынан кабар берип тургансыйт.

Булак:Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу