Тышкы иштер министринин орун басары болуп Кыргызстандын Катардагы мурдагы элчиси Нуран Ниязалиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Бүгүн 19-февралда Нуран Ниязалиев Кыргызстандын Катардагы элчилик кызматынан президенттин буйругу менен бошотулган.
Нуран Ниязалиев 44 жашта. Ал Катар мамлекетинде элчи болуп 2015-жылдан бери эмгектенген.
Булак: Азаттык