Турсунбек Бейшенбеков: «АШАдан ашкан саткын жок, Аскардан ашкан качкын жок…»

Орустарда кеп бар “каждый думает по мере  своей исчерпанности» -деген. Ошол сыяктуу АША  эки сөзүнүн биринде  “предатели, предатели  сатып кетти”-  деп  безилдесе “жанына адам тура албайт”. Анткени өзү саткын болгону үчүн башкаларды да ошентип ойлойт шекилдүү. Ойлоп көргөн адамга Сооронбай Жээнбеков АШАга окшоп бирөөнү саткан жок.  Мындай пикирин Турсунбек Бейшенбеков билдирди.

Ашга кошумча: «Болгону коррупцияга белчесинен баткан АШАнын ууру кески  бандасы менен бир болуудан баш тартып элдик президент болууну эп көрдү. Артка кылчайып карасак АША дайыма эле саткынчылык менен күн көрүп келгенине күбө болобуз. Мисалы: биринчиси, өзүн бийликке алып келген Убактылуу Өкмөттүн баардык мүчөлөрүн сатты. Сатып эле тим болбостон камаганын камап, кемсинткенин кемсинтип керек болсо экс президент Роза Отунбаеваны элдин көзүнчө  “Ала-Тоо”  аянтынан кубалап түшкөнгө чейин барды.

Экинчиси, апрель революциясынын максаттарын сатты.  Муну менен ал окко учкан кырчындай жигиттердин өмүрүн сатты. Өзү болсо революциянын жемишин көрүп бир ууч “ат кошчулары” менен эбегейсиз байлык топтоду. Андыктан, Кыргызстанда АШАдан ашкан саткын жок, Аскардан ашкан качкын жок…, деди Турсунбек Бейшенбеков.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу