Турсунбек Бейшенбеков, активист: «Баткендеги абалды чагымчылдар, популисттер өздөрүнүн пайдасына каалагандай колдонуп жатышат!»

— Урматтуу мекендештер, достор, замандаштар! Мамлекетибизде тынчтык, бакубатчылык ар бирибизге баалуу жана кымбат. Учурда Баткендеги болгон жаңжалга реалдуу жана сабырдуулук менен карашыбыз керек. Чынын айтканда, болгон окуяны кызуу кандуулук менен интернетке таратып, элди урушка, каршы турууга үндөбөшүбүз абзел. Интернет аркылуу айрым достор чагымчыл маалыматтарды таратып, бийлик уктап жатат, көңүл бурбай койду деп эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды чоңойткусу келүүдө. Бийликте деле кыргыздын балдары отурат. Аларга кантип эле тынчтык керек болбосун?! Тажикстан менен Кыргызстандын президенти маселени жакшы жагына чечүү жөнүндө кызыкдар болуп эки тараптуу сүйлөшүштү. Өкмөт башчылар кырдаалды талкуулашты. Жоопкер бийлик өкүлдөрү ал жакта жүрүшөт. ИИМ башчысы өзү ал жактагы абалды жөнгө салууга барды. Мунун бары дипломаттык жол менен чечүүгө болгон аракет. Таш атышып, мынтык менен маселе чечилбейт. Биз кызуу кандуулукка алдырууга жол берсек, кырдаал көзөмөлдөн чыгып, абал оорлоп кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан бул маселеге тийиштүү бийлик жоопкер жана милдеттүү. Калганыбыз жөн эле элди дүрбөтүп, бара калып, согушалы дебей туралы. Согуштан кайсы эл жыргаптыр? Согуштан кан төгүлөт, энелер ыйлайт, эр азаматтар көз жумат. Фейсбуктан улам пост жазып, бийликти ашата сөгүп, элди козуткан бул баатырлык эмес. Ачуу шайтан, акыл дос дейт аталарыбыз. Бул жаңжалды жеке саясий максаттарга колдонуп, өзүңөргө упай топтобой тургула. Ынтымак, түшүнүү менен бирге туралы. Жаш активисттер жазып жатышат, кеттик баргыла дешип. Барып алып эмне кыла алабыз? Эмне өзгөртө алабыз? Ошондуктан бул жаатта акыл калчап иш кылалы!

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу