Турсунбек Акун: “Эмне үчүн Ташиевди “мээсинен айнып калган” деп айтпай койдум?..”

«Элдик акыйкатчы», «тубаса укук коргоочу» деген атка конгон адам укугу дегенде жаны жай албаган белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акундун «Апрель» телеканалы жана Атамбаев менен соттошкону жатканын угуп, сөзгө тарттык. Ал «Азия Ньюс» гезитинин ар бир санын калтырбай окуп, редакторго ар саны чыккан сайын чалып, өз пикирин  билдирип турганын редакциянын жамааты баалап келебиз.

– Турсунбек мырза, сиз «Апрель» телеканалын сотко бергениңиз тууралуу кулагыбыз чалып калды. Ошонун чоо-жайын айтып бересизби?

– Алар бир нече ирет мени «Батукаевден 100 миң доллар алды» деп жалган маалымат таратып, коомчулуктун алдында аброюмду, ар-намысымды басынтканга аракет кылышты. Алдын ала чалып эскерткениме дагы болушкан жок. Эми алар айткандарын далилдешсин же мыйзам алдында жооп беришсин. Болгону эле ушул.

Ооба, адвокат жалдаганга, арызды сотко тапшыргандан баштап акча каражаты талап кылынат. Соттошууга материалдык эле каражат талап кылынбастан, моралдык жактан да чоң чыгымга учурайбыз. Бир нече айлап сотко катышып, алар менен талашып-тартышып, алтындай убактыбызды коротобуз. Атамбаевдин телеканалы зор каражаты бар, мага караганда соттошууга мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок, башка айла жок. Кандай болсо да соттон күнөөсүз экендигимди далилдешим керек.

Бир жакшы нерсе, соттор мурдагыдай президенттик аппараттын көзүн карабай эркин боло баштаганы кубантат.

Мурдагы Атамбаевдин жасоолу болгон Манас Арабаевдин камалышы жалпы эле Акүйдө, жалпы эле бийликте иштегендерге сабак болушу керек. Ошондуктан чындык мен тарапта болуп, утуп алуу мүмкүнчүлүгүм болот деген ишенимим бар.

– Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөзүнө кандай баа бересиз? Анда ал президент, парламент, азыркы бийлик тууралуу «балп» этмелеринен сырткары сизге да тийишип өттү го?

– Ал мурда мамлекет башчы болуп иштеген адам катары бийик маданиятты, жогорку интеллектти, башка адамдарга жана оппоненттерине сыйлоо менен мамиле жасоонун үлгүсүн көрсөтүшү керек эле. Бирок ал ачуусуна жана жеке таарынычына берилип, өтө төмөн пастыкка барып, ошол эле учурда түшүп бараткан кадыр-баркын дагы төмөн тебелеп алды. Акаев менен Бакиев качып жүрсө, «качпады» деген мунусу өзү алып келген бийликке асылып, жер чапчып кыйкырып жатса, аны көрүп турган эл, жаштар кимден сабак алат? Ал эми мага тийишкени боюнча Атамбаевдин үстүнөн дагы сотко кайрылып жатам. Ал менин кантип Батукаев аркылуу акча иштеп тапканымды далилдесин же мыйзам алдында жооп берсин.

2013-жылы менин үстүмдөн куугунтуктап, кызматтан кетирткен Атамбаев өзү болгон. Анткени, КР акыйкатчысы катары анын бир топ мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткаруудан баш тарткан элем. Атамбаев өзүнүн аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев аркылуу мени Ташиевге каршы үндөп, аны «мээсинен айнып калган» деп гезиттерге маек берүүмдү сураткан. Мындан тышкары, мен түрмөдө жаткан Ташиев менен Түлеевдин катуу ооруп жатканын эске алып, аларды дарылатуу боюнча ошол кездеги башкы прокурор Аида Саляновага кайрылып сурангам. Бирок Салянова аларды дарылатуунун ордуна кайрадан мени жамандап, Нарымбаев аркылуу президентке даттанган. «Турсунбек Акун Ташиев менен Түлеевдин бошотулушун талап кылууда» деп туура эмес маалымат берүүгө чейин барган. Мына ушундан баштап Атамбаев мага өчөшүп, кызматтан кетирүүнүн жолун издей баштаган. Анан Батукаев маселеси чыкканда Атамбаевдер сүйүнүп, мени «акча алды» деп күнөөлөп, депутаттардын мени кетирүү боюнча демилгесин колдогон. Мен сессия жүрүп жатканда эс-учумду билбей жыгылып, реанимацияга түшүп калгандыгыма карабастан кызматтан алынып, Батукаев боюнча жаманатты болуп каралангам.

Ошондуктан Батукаевдин ишинде Атамбаевдин бийлиги Салянованы сактап калып, мени курмандыкка чалуу чечимин кабыл алышкан. Эми тагдырдын тамашасы тескерисинче болуп жатпайбы! Мен азыр Салянованын сот тарабынан камалышын туура көргөн жокмун, бирок, Ташиев менен Түлеевдин бир убактагы тагдыры азыр Салянованын өзүнүн башына түшүп жатканына жаным кейиди.

Ошентип, мен Атамбаевдин өзүм билемдигинин алгачкы курмандыгы болгонумду баса белгилегим келет. Ал эми Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдор Атамбаевдин акыркы курмандыктары болушту.

– Курултайдын кээ бир мүчөлөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кызматтан кетүүсүн талап кылып чыгышты. Сиз курултайдын аткаруу комитетинин мүчөсү катары андай пикирге кошуласызбы?

– Бул курултайдын аткаруу комитетинин кабыл алган чечими эмес. Бул маселе талкууланган да эмес. Ал жөн гана кээ бир аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн жеке көз карашы. Алар да бирөөлөрдүн саясый заказдарын аткарып жатышат. Бул туура эмес да. Спикер курултайдын кээ бир талаптарын аткарбаганы менен өзүнүн төрагалык милдетин колунан келишинче аткарып жатат.

Биринчи жолу президент, премьер, спикер үчөө мурдагылардай тартышпай, ынтымакта иштеп жатышат. Спикер менен премьер президентке баардык жагынан жардам көрсөтүшүп, өз ара түшүнүшүү менен мамлекеттин ишин жылдырып жатышат. Бирок, кемчиликтер бар. Баары биз ойлогондой болбой жатат. Эң негизгиси, өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, мурдагыдай саясый куугунтук болуп, адамдардын укуктары чектелген жок.

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу