Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Суталиновдун ден-соолугу начарлагандан начарлап бараткан. Азапты ченебей тартты”

– Турсунбек мырза, Текебаев менен Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто каралганы менен эмнегедир эл күткөн чечим чыкпай калды го. Азыркы бийлик деле мурунку бийликтин катачылыгын кайталадыбы?

– Мен укук коргоочу катары башынан эле Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров саясий куугунтуктун негизинде камалышканын айтып келе жатам. Алардын саясаттын курмандыктары болушканын президент деле билет. Бирок, эмнегедир алардын акыркы сотторунда эл күткөндөй чечим чыгарган жок. Текебаевдин иши райондук сотко жөнөтүлбөй, Жогорку сотто калып калганы өкүнүчтүү. Саясий куугунтуктун айынан камакка алынган саясатчыларды эркиндикке чыгарбай, кайра камакта калтырылганы азыркы бийликке аброй алып келбейт. Мындай жагдайлар бийликтин кадыр-баркын кетиргенге, коомчулуктун ишенимин жоготконго шарт түзөт. Буларга адилеттүү чечим чыгарып коюшса калыстык орун алмак. Элдин бийликке болгон ишеними жогоруламак. Буларды камоо азыркы бийликтин эмес, мурдагы бийликтин күнөөсү экени чындык. Бирок, азыркы бийлик мурдагы бийликтин катачылыгын кайталабай, эркиндикке чыгарып койсо туура чечим болмок.

– Суталиновдун эркиндикке чыгышы колдоого аларлык иш болдубу?

– Албетте, колдоого, мактоого аларлык иш болду. Сүйүнгөнүнөн генерал атасы көзүнө жаш алды. Чыны менен Мурат Суталиновдун абалы аянычтуу болчу. Ден-соолугу начарлагандан начарлап бараткан. Ал жазага тартылды. Азапты ченебей тартты. Ден-соолугунан ажырады. Эми орозонун күнүндө соттор гумандуулук кылып, ден соолугун эске алып, эркиндикке чыгарыптыр. Колдоого алардык жакшы иш кылыптыр.

– Элди дүрбөлөңгө салган уран кени боюнча президент өз оюн айтты. Эми уран кени казылбайт деп ишенсек болобу?

– Уран кенинин иштешине каршылык көрсөткөн митингдер, жөө жүрүштөр болду. Президент өз позициясын билдирип, экологиясы таза мамлекетте, таза коомдо жашагысы келгенин айтып, бул иш боюнча өкмөттү да сындады. Эми уран боюнча эле эмес, Атамбаевдин убагында мыйзамсыз берилген башка кендерди да тескөөгө алып, лицензияларын чакыртып алып, ревизия кылыш керек. Анткени, лицензия берүүдө коррупциялык схемалар иштеген үчүн Зилалиев оңду-солду тараткан. Атамбаевдин эл суктанып, айтып бүтпөй жаткан хан сарайлары ошол лицензиялардын арты менен салынганбы деген ойго кептелип жатам. Айрыкча бул маселеде өкмөт катуу иштеп, чечкиндүү чечимдерди кабыл алышы керек. Эгер өкмөт чечкиндүү кадамдарга барбай убакытты уттуруп жиберсе, мурдагы бийликтин жаман аттысынын баары ушул өкмөткө, ушул бийликке калат. Башкача айтканда, лицензияларды ривизиялабаса, бул өкмөт жаман аттыдан арылбай калат. Алы жеткени эле сындап жаткан өкмөттүн жакшы жери Абылгазиевдин убагында бир да лицензия берилбептир. Атамбаев менен Отунбаеванын мезгилинде уран кени боюнча үрөй учурган лицензиялар берилип кетиптир. Ошонун баары тергелип, сотто каралышы керек. Ошондой эле президент коопсуздук кеңешинде кендер боюнча сүйлөгөн сөзүн жерге калтырбай, өкмөт аягына чыгарышы керек.

– Президенттин уран казууга каршы болушуна митинг, пикеттердин салымы болдубу?

– Андай десек да болот. Ошондой эле бул бийликтин мезгилинде ачыктыкка жол берилгенин да баса белгилесек ашыктык кылбайт. Айтайын дегеним, уран маселеси боюнча митинг, жөө жүрүштөрдөн бийлик туура чечим кабыл алып, элдин үнүн укту. Парламент да туура чечим кабыл алды. Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдин убагында митинг, пикеттер болуп, коомчулукта нааразычылык күч болсо да, иштер мынчалык тез чечилчү эмес. Коомчулуктун пикири анчалык эске алынчу эмес. Бу сапар бийлик элдин талабын эске алып, үнүн бат укту. Маселени да учурунда чечти.

– Салык төкпөгөн ишкердин ишин жарыя кылганы учун Идирис Исаковду ишкер Жалил Атамбаев сотко берди. Коррупциялык схемаларды ашкерелеген журналисттин эмгегин жогору жак эске алабы же көптүн бириндей эле мамиле кылып коёбу?

– Ишкер Жалил Атамбаевдин журналистти сотко бергени боюнча президент да реакция кылышы керек. Коррупциялык схемаларды ашкерелеген журналисттерге колдоо көрсөтүшү керек. Башкача айтканда, президент коррупция менен күрөшүп жаткандан кийин, коррупциялык схемалардын бетин ачкан журналисттердин аракетин колдоого алышы керек. Журналисттер коррупциялык схемаларды жазса, бийлик ошол замат текшерип жазалоого аракет кылышы керек. Коррупция менен күрөштү бийлик журналисттер менен бирдикте ишке ашырса, бийлик үчүн да пайдалуу болмок. Эми Жалил Атамбаевдин туугандарына жаздырган мүлктөрүнө чейин иликтеп, ага иш козгошу керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан.kg»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу