Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Баягы Атамбаев жок, руху, духу түшкөндөй көрүндү…”

– Турсунбек мырза, саясатчылар биригип, чоң күчкө айлануу аракетин башташыптыр. Жазында бийликти олку-солку кылган аракеттер ишке ашып кетпейби?

– Кыргызстанда бир жаман адат пайда болду. Жазында же күзүндө эл көтөрүлөт деген сөзгө элди ынандырууга аракет кылышат. Чынында эл чындап чыга турган болсо, жазды же күздү күтпөйт. Жылдын 4 мезгилинде, керек болсо кычыраган кышта деле чыга берет. Азыр эл көчөгө чыга турган деле абал жок. Анча мынча митинг, пикет болгону болбосо, эл жапырт бийликке каршы чыга турган кырдаал жок. Анткени, президент элдин талаптарын аткарып, айылдын турмушун оңдоого аракет кылып жатат. Адахан Мадумаровго окшогон тынчыбаган саясатчылар көрүнүп коюш үчүн эле элди удургутушпаса, бийликтин тынчын алган андай деле чоң нааразычылык жаралбайт. Баса, президентти айгактап турган дагы бирөө бар. Маселен, Бабанов “ишимди токтотсоң унчукпайм. Болбосо тигилерге кошулуп кетем”- деп тургандай. Бирок, алар канча аракет кылышса да, бийликке доомат коюшса да, элдин колдоосуна ээ боло алышпайт.

Анткени, Жээнбеков мурунку президенттей болуп, саясатчыларды жээриген жок. Бардык чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугуп, алардын да кеңешин угуп, сүйлөшүп жатат. Ошондой эле чыныгы адистерди кызматка тартты. Ошондой эле коррупцияга шектелгендерди Атамбаевдин мезгилинде даражалуу кызматтарды аркалаганына карабай камалышты. Партиялашым, досум деп жан тартып, аларга араачы түшкөн жок. Алардын иши сотко өттү. Эми акталаары, камалаары соттун чыгарган чечимине жараша болот.

Бирок, соттун чечими чыкканча эле алар күнөлүү эмес дегендер да чыгып жатат. Соттор күнөөсү болсо соттойт. Күнөөсү жок болсо актайт. Атамбаев менен чогуу ичип, жеп жүргөндөрдүн камалганын мен эле эмес, коомчулук да туура көрүп жатат. Алар мезгилинде өтө эле дардаңдап кетишкен. Атамбаевдин бийлиги кеткенден кийин кылтакка илиништи. Сооронбай Жээнбековдун аракетин элдин көпчүлүгү колдоп жатат.

– Коррупция менен күрөш бир беткей жүрүп жатат, Атамбаевдин санаалаштарынан башка Кыргызстанда коррупционерлер жокпу дегендер да четтен чыгат го… Буга не дейсиз?

– Атамбаевдин адамдары көп жегени үчүн камакка алынды. Керек болсо Сооронбай Жээнбековду шайлоо убагында колдоп жүргөндөр да түрмөдө отурат. Аларды АКС кармап, прокуратура иш козгоп жатат. Бир жактуу деп сындашканы менен коррупция менен күрөшкө калың катмар тартылып баратат. Керек болсо бул киши коррупция менен күрөштө туугандарын, жакындарын да аябайт деген ойдомун.

– Президенттин жакшы жагын айтканыбыз менен анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун сынга кабылган аракеттери агасы Сооронбай Шариповичке көө сүртүп койбойбу?

– Мен Асылбек Жээнбековду студент кезинен билем. Аны монстрга теңештин кажети жок. Аны каралап, элге жаман көрсөтүүнү калаган күчтөр бар. Бирок, алар канчалык жамандоого, каралоого аракет кылбасын Асылбек Жээнбеков таза саясатчы. Булар жеп жутайын дегендерден эмес. Курсактары ток, “элге берели” деген адамдар. Жээнбековдорду Бакиевдерге теңегендер жаңылышат. Бул жигит спикер болгондо дагы көтөрүлгөн жок. Президенттин бир туугандарын каралаган бизде адат болуп калган. Асылбек Жээнбеков мына ошондой адамдардын орунсуз сынына кабылып жатат.

– Баса, ТЭЦ боюнча көп адам камалды. Бирок, ТЭЦтин ачылышына Сооронбай Шарипович деле барганын айтып, мунун да тиешеси бар дегендер да бар го?

Сооронбай Шарипович премьер-министр катары барса, баргандыр. Бирок, ал иштин баары Сапар Исаковдун мезгилинде башталып, каражаттын баары ошол учурда эле алынып бүткөн да. ТЭЦ оңдолуп бүткөндө барганы үчүн алар менен табакташ деп каралаганыбыз туура болбой калат го.

– Атамбаев бийликти кандай өткөрүп берсе, партияны да ошондой өткөруп берерин айтты. Экс-президенттин бул сөзү колдоого аларлыкпы?

– Мен теледен Атамбаевдин айтканын көрдүм. Эмнегедир эфирге чыкканда баягы Атамбаев жок болуп, руху, духу түшкөндөй көрүндү. Ал туура маселени айтканы менен партиясын өткөрүп берген күндө да, парламенттик шайлоого катышат окшойт деген ойдо калдым.

– Нурбек Токтакуновдун жеке турмушуна чейин кийлигишип, бийлик мурдагы эле катачылыктарды кайталап, элди иренжитип жатат дегендер да бар. Кыргызстандагы саясий курөштө каралоодон башка ыкма жокпу?

– Мен Нурбек Токтакуновдун жеке турмушуна кийлигишип, каралашып видеосун коомчулукка жарыя кылышканын чыны менен туура көрбөйм. Бирок, мен ал жигитти жаш кезинен бери билем. Адамгерчилиги азыраак жигит. Эшеги суудан өткөндөн кийин адамды карамак турсун, учурашып койгондон эригет. Кезинде бул жигитке тажрыйбачы укук коргоочу катары колдон келген жардамымды бергем. Бирок, акча таап, иш илгерилеп баштаганда саламдашып койгонго жарабай көрмөксөн болгонуна бир канча ирет күбө болдум. Нурбек Токтакунов кыргыздарды өлтүрүүгө катышкан Азимжан Аскаровду колдоп, акча үчүн кыргыздарга кастык кылгандардын таламын талашкан жайы бар. Мына ушундай аракеттери да көп адамдарды иренжитти.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу