Турсунбек Акун Экс-акыйкатчы: “Батукаевдин иши боюнча мен камалбайм”

— Турсунбек агай, Батукаев боюнча Рысалиев сурак берип чыккандан кийин, Шамиль Атаханов кармалып, камакка алынганы айтылууда. Сиз да бир нече жолу суракка кирип чыктыңыз, тергөө кандай болуп жатат?

— Баягы күнү“Жлбырак” каналына сурак боюнча бир топ бакылдап жибериптирмин. Сурактын да жашыруун сырлары бар экен. Мага эскертүү беришип, кол койдуруп алышты. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчун айтылбайт тура.

— Канча жолу суракка бардыңыз?

— Үч жолу чакырылдым. Адегенде 5 саатта, кийинкисинде 2 саатта чыктым. Үчүнчү жолкусунда Нарымбаев менен бетме-бет кездештирип, сурашты (очная ставка). Андан башкасын мага айтканга болбойт.

— Негизи, крим төбөлдүн камактан чыгарылып, качырылышына кимдер күнөөлүү деп айтат элеңиз?

— Мен журналисттерге маек бергенде, баарына айтып келатам. Батукаевдин чыгарылышы боюнча биринчи кезекте Атамбаев күнөөлүү. Дагы айтам, ошол кездеги мамлекет башчысы өзү башында туруп, ушу ишти көзөмөлдөбөсө, бир сутка ичинде бардык операция бүтүп, крим төбөл качып кете алмак эмес. Бул иш президенттин гана макулдугунун негизинде ишке ашкан. Ошон үчүн ал убакта бул иш орто жолдо токтоп калган. Парламенттик комиссия да түзүлгөн. 22 киши күнөөлөнүп, жалгыз гана мен жаза алдым. Башкалар суудан кургак чыгышты. Атамбаев ошонун баарынын жаза алышына бут тоскон. А мени аябай шыбашты, каралашты. Үй-бүлөмө чейин жамандашты. “Турсунбек Акун 100 миң доллар алды” дешти. Ошондо КТР “100 миң доллар алды” дешчү эле, азыр Атамбаевге караштуу каналдар мени “200 миң доллар алган” деп каралап жатышат. Мен эч кандай күнөөм жок туруп, 6 жылдан бери жаза алып келатам. Чыныгы күнөөсү, тиешеси барлар жазаларын алышсын эми. Азыр тергөө болуп жатат. Башкы прокуратура жакшы иштеп жатат. Тергөө жандандырылганын мен колдойм. Колдон келишинче тергөөгө жардам берем.

— Атамбаев камалабы?

— Камалаарын билбейм. Анткени, анын кол тийбестиги бар да. Бирок, сөзсүз түрдө тергөөгө чакырылат деп ойлойм. Себеби, мен Атамбаев тууралуу көрсөтмө бердим, башкалар да берип жатышат. Аны эми эң аягында чакырып, сурашса керек.

— Батукаевдин иши боюнча бир топ кишилер камалды. Жакынкы күндөрү дагы кимдер камалышы мүмкүн?

— Кимдерди камайт, кимдерди бошотот, буга чейинки камалгандар туура камалыштыбы, туура эмеспи, анын баарын тергөөнүн иши көрсөтөт. Чогуу көрүп, чогуу күбө болобуз.

— “Батукаевден чоң акча алып, анан чыгарышкан” дешет. Акча алгандардын арасында сиз да бар экениңиз айтылып жүрөт…

— Акчаны Атамбаев гана алган. Канча алганын билбейм. Алган деп гранд, инвестиция түрүндө алганын айтып жатам. “Акча алышыптыр, анын жарымы фальшивый болуп калыптыр” деген сөздөрдүн баары ушак, калп.

— Грозныйга барып, акчанын жарымын өндүрүп келгениңиз калппы ошондо?

— Мен Грозныйга Батукаев менен жолугушуу үчүн барган жокмун. Мен ал жакка Батукаев түрмөдө экенинде баргам. Ошол кездеги Россиянын акыйкатчысы Владимир Петрович Лукиндин суранычы боюнча белгилүү, тажырыйбалуу акыйкатчы катары Кавказ өлкөлөрүнө барып, лекция окуп келгем. Анан Чеченстандын, Ингушетиянын, Кабардино балкариянын укук коргоочулары, акыйкатчылары менен жолугушуп келгем.

— Батукаевдин карындашы менен кандай максатта жолуктуңуз?

— Мен Чеченстанда өкмөт үйүндө жүрсөм, ал ошол жерде бир киши менен жүрүптүр. Капыстан жолугуп калдык. Ал мурун кыргызстанга үч ирет келип кеткен эле. “Сөзгө калбайын” деп Чеченстанга барбайт деле болчумун. Бирок, ал жакта 50дөй кыргызстандык жаран айлыктарын ала албай 3 ай кармалыпкалышкан. Алар мага акыйкатчы катары кайрылышкан. Ошолордун айлыктарын алганга жардам бергени бардым эле.

— Батукаевдин иши боюнча сиз да камалып калышыңыз мүмкүн эмеспи?

— Мен прокурор, же сот эмесмин.Батукаевди мен чыгардымбы?! Сот чыгарды го. Мамкаттоо паспорт жасап берди, Саламаттыкты сактоо министрлиги диагноз койду. Бул жерде чечим кабыл ала турган мамлекеттик органдар бар. Ошолор чечим кабыл алышкандыктан, Батукаев чыкты да. Акыйкатчы көз каранды эмес институт. Чечим кабылала албайт. Болгону пикирин айтат. Батукаев 9-апрель күнү кетти, 10-апрелдь кунү“өлөтурган диагноз экен, 3 күн ичинде өлүп калышы мүмкүн” деген пикиримди айткам. Анда ал эчак кетип болгон эле.

— Өлбөй калбадыбы…

— Өлбөй калса мен күнөөлүү месмин да. Диагнозду туура эмес коюшкан экен. Эгер, Акыйкатчы түрмөдөгүлөрдү чыгара ала турган таасири болсо, анда Токон Мамытов Текебаевди, Жапаровду, жана башка камакта жаткандарды чыгарбайбы. А мени “акча алып чыгарып ийди” дешсе, акчанын жытын сезип калып, башка да крим төбөлдөрдү чыгарбайт белем. Дароо кеткен жокмун, андан кийин деле 6-7 ай иштедим го.

— Акыйкатчы Токон Матытовдун аты УКМК төрагалыгына талапкерлердин арасында аталып жатат. Ал киши КГБда иштеген. Эми кайра УКМК жетекчилигине баруусу туура болобу?

— Негизи, мен башында эле айткам, Токон Мамытов Акыйкатчылыкка туура эмес барган. Анткени, ал киши укук коргоо органдарында иштеп келип, акыйкатчы институтуна барып, сөз тийди. Бирок, келгенден кийин эми УКМКга кайра барганы болбойт. Акыйкатчылыкты алып барсын, иштесин, өзүн көргөзсүн, ишинен жыйынтык чыгарсын. Кандай иштеп жатканы өзүнчө кеп. Бир нерсе айтсаң, ичим тарыгандык болуп калат. УКМКга татыктуу башка адамдар толтура, ошолор барып иштесин.

Динар Турдугулова

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу