Турсунбек Акун: «Саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов абактан бошотулду»

Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановбошотулду. Бул тууралуу мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун абактагы саясатчылардын маселеси боюнча өтүп жаткан жыйында билдирди. «Саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бүгүн абактан бошотулду. Жаңы эле жактоочусу чалып сүйүнчүлөдү. Буюрса түштөн ийин өздөрү менен жолугушабыз. Көпчүлүк билгендей, алар «бийликти күч колдонуу аркылуу басып алуу жана региондор аралык кастыкты козутуу беренеси» менен айыпталып жаткан. Мунун баары калп каралоо экендиги айкын болчу. Акыйкат бар экен, бүгүн алар абактан бошотулду», — деди Акун Маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы азырынча тастыктай элек. Булак: Super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу