Турсунбек Акун: “Революция менчиктештирилди”

“Апрель баатырларын жана апрель  окуясына катышкандар «Ата Бейит» комплексинде болуп өткөн  эскерүүгө келген айрымдарды тизме менен киргизди. Мен болсо араң өттүм. Эскерүүгө бийлик өздөрүнө жаккан, сүйлөбөгөн адамдарды гана тизмеден өткөрдү”, — деген пикирин билдирди NasarNews.kg  маалымат агенттигине мурдагы Акыйкатчысы Турсунбек Акун.

“Атамбаев Апрель окуясын менчиктеширип алганбы? Ал керек болсо революция болуп жатканда камакта жаткан. Эл жасаган революцияны эмне үчүн Атамбаевдин бийлиги революцияны менчиктештирип жатышат. Дагы бир нерсени айтып бүгүнкү эскерүү иш-чарасына  Алмазбек Атамбаев атайын келгенден кийин, куран окулгандан соң бир ооз элдин көңүлүн көтөрүп сүйлөп койсо болот эле да. Ал мамлекет башчысы да”, -деди Турсунбек Акун.

Бүгүнкү «Ата Бейит» комплексиндеги иш-чара катышкан Урматбек Акуновдун айтымына караганда бир чети мамлекет башчынын ал жерде туруп алып сүйлөбөгөнү туура эле болду деген пикирин айтты.

Эске сала кетсек, мамлекет башчысы өткөн жылы да “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде сөз сүйлөгөн эмес.

Булак: NasarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу