Турсунбек Акун, коомдук ишмер: “Атамбаев түрмөгө түшсө анын укугун коргоп каламбы деп корком”

—       Турсунбек мырза, жакында КСДПнын Саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды. Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган бул чечим канчалык лигитимдүү? Анткени, Саясий кеңештин чечими коомчулукка жарыяланган жок.

—       Эми азыр КСДПда абал абдан оор. Ит ыйларлык абалда турат десек болот. Партия экиге бөлүнгөн. Парламенттеги фракция өзүнчө болсо, партияны башкарап жаткандар өзүнчө. Маселен, Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарганы менен фракциядан чыгара албады. Бул көрүнүш партия өзүнчө, факция өзүнчө болуп калганын белгиси. КСДПдан Жана Акаев чыккандан кийин бул партияда алешемдиктер башталды. Чындык үчүн күрөшүп, өз оюн эркин айткардарды чыгарып, партиядан ырыскы кете баштады. Мисалы, Кожобектин кандай күнөөсү бар? Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияны казып, элге чындыкты жеткирип жатканы үчүн күнөөлүбү? Ал күпүлдөп эле иштеп жатат.

Ал эми Иса Шейшенкулович боюнча Саясий кеңештин чечими күлкү келерлик көрүнүш. Анткени, Атамбаев Бакиев менен соодалаша коюп бийликке өтүп кеткенде да Өмүркулов оппозициялык фракцияны жетектеп, КСДПнын ысыгына күйүп, суугуна тоңүп жүрдү. Андыктан азыр мындай кылганы туура эмес.

—       Атамбаевди Өмүркуловдун “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын мүчөлөрүн кабыл алганы катуу таарынткан окшойт. Маселенин баары ошол жакта жаткан жокпу?

—       Иса Өмүркулов фракция лидери, эл алдында убада берип келген депутат катары бардык шайлоочуларды кабыл алат. Ага эч ким тыюу да сала албайт. Бул боюнча Өмүркулов комментарий берген да жок. Ага анчалык чычалаштын кереги жок болчу.

—       Атамбаевдин маалыматчылары бул жолугушууну Асылбек Жээнбеков уюштурган деп жатпайбы?

—       Ага Асылбек Шариповичтин эч кандай тиешеси жок. Иса Өмүркулов бирөөлөрдүн жетегинде жүрө турган саясатчы эмес. Анын артында калдайган эли бар, миңдеген шайлоочулары бар. Өмүркулов менен ойношпошу керек булар. Ал Кыргызстандагы таасирдүү саясатчылардын катарында турган фигура, оңой жоо эмес. Асылбек Жээнбековду болсо мындай аракеттери менен каралай албайт.

Негизи Атамбаев Сагынбек Абдрахмановду да туура эмес партиядан чыгарган. Ал да КСДПнын эски мүчөлөрүнүн бири болчу. Эми анын азабын тартып жатат. Партиядан да, Атамбаевден да дөөлөт кетти. Азыр эми кийинки жылдын апрель айында съезд өткөрөбүз деп калыптыр. Акыл-эси ордунда адам Кыргызстандын шартында мындай иш-чараны жарым жыл мурда белгилебейт. Ага чейин ким бар, ким жок.

— “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы бүтүндөй өлкөгө кулачын жайып, коомчулуктун колдоосуна ээ болуп жатат. Апрелге чейин булар Атамбаевди партиядан кууп чыкпайбы?

— Атамбаевдин КСДПдан чыгып кетүү коркунучу бар. Эгер ал азыркыдай кадамдарды жасап, Иса Өмүркулов сыяктуу фигураларга адилетсиз мамиле кыла берсе партиядан айрылып калат. Өмүркулов мисалы Атамбаев жөнүндө жаман сөз айткан жок. Аны партия лидери катары тааный турганын билдирди.

Атамбаев тынч эле отурушу керек болчу. Өзүнүн кадрлары иштеп жатат, коррупцияга шектелгендери камалды. Экс-президент деген статусту сактап, ак сакал катары сый менен болсо, Роза Исаковнадай сыйга ээ болмок. Кадырын кетирип саясатка кайра башын тыга берсе өзүнө эле кыйын болуп калат. Кашыктан чогулткан кадырын чөмүчтөп төгүп жатпайбы.

—       Сиздин Атамбаев менен мамилеңиз кандай?

— Атамбаевди кыйын учурларда колдоп тургам. Аны коргоп Таласка бардым, ал жерден таш бараңга алынганда. Аксы окуясы башталганга чейин Түркияга байлыктарын ташып качып кеткен. Кийин бизге рахматын айткан, силердин артыңар менен Кыргызстанга кайра келдим деп. Мен Акыйкатчы болуп турганда кабыл алып турчу, бирок кызматтан кетекенден кийин такыр кабыл албай койду. Ал эмес өзүнү бийликке алып келгендерди куугунтуктап, Текебаевди каматып тынды. Анан дагы Атамбаев революцияны жалгыз мен кылгам деп жүрөт. Керек болсо 2 революцияда тең ал кечигип келген. Учурунда оппозицияны көчөгө таштап Бакиев менен кызматташып кеткен. Муну элдин баары билет. Мен Атамбаевди бир тараптуу каралагандан алысмын. Анын деле жакшы жактары бар. Тынч жол менен бийликти өткөрүп берди, туруктуулукту сактады дегендей. Бирок, тынч отурса болмок.

Мен өзүм Атамбаевдин укугун түрмөгө түшүп калса коргоп каламбы деп коркуп жүрөм. Тынч жүрбөсө ошол тагдырга да туш болуп калышы мүмкүн.

— Президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилеңиз кандай азыр?

— Сооронбай Жээнбековду 30 жылдан бери билем. Ал киши бирдей жүргөн, тарбиялуу адам. Атамбаев ага канча атырылды, бир да жолу унчуккан жок, теңелген жок. 30 жыл мурда Жээнбеков кандай болсо, азыр президент болуп да өзгөрбөдү. Мен аны мактап кошоматтанайын деген оюм деле жок, бирок чындыкты айтып коюшубуз керек.

Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруунун артында да тымызын президентке асылуу аракети турат. Иниси Асылбек Жээнбеков эмне деген сөздөр менен каралап жатат. Бирок, алардын мындай жомокторуна эл ишенбейт. Кимдин-ким экенин азыр эл жакшы билип калды.

Аягында айтарым, Иса Өмүркулов оюнчук эмес. Оор салмактуу, артында эли бар, кадыр-баркы бийик саясатчы. Атамбаевдин артында болсо эч ким жок. Андыктан ойлонуп иш кылышы керек.

Булак: Чындык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу