Турсунбай Бакир уулу: «Уят, уят, уят! Позор, позор, позор!»

 8-мартта Бишкек шаарында аялдардын укугун коргогон жөө жүрүш болуп өтүп, ага гей-лесбиянкаларды жана трансексуалдарды колдогондор чыгышты. Ага карата мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу өзүнүн пикирин социалдык тармакка төмонкүчө билдирди.

—Шермендечилик, намыссыздык, уятсыздык! Кускуң келе турган ушул сасык нерсеге алып келгендерге наалат, Аллахтын каргышысы болсун! Ушундай болоорун билип 2012-жылы чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзам долбоорун жазган болчумун. Мага кошулуп дагы эки депутат демилгечи болушкан: Нуркамил Мадалиев («ЭрК» партиясынын төрагасынын биринчи орун басары) жана Надира Нарматова. 2014-жылы дагы бир мыйзамга 30 дан ашык депутаттар демилгечи болгонбуз — гей, лесбиянкаларга, гейпараддарга каршы. Өкүнүчтүү, эки мыйзамыбыздын долбоорлорун V жана VI чакырылышынын депутаттары кабыл алалбай коюшту. Көпчүлүк НПОлордун, эл аралык уюмдардын, АКШнын чабуулунан коркуп кетишип колдой алышпай мыйзамдарыбызды четке кагышты.
Мына эми Батыштагы жагымсыз нерселер биздин шаарларга, биздин көчөлөргө да келди!
7-8 жыл мурда чет өлкөлүк гейлердин бий тобу биздин түнкү клубтарга келебиз дегенде намыскөй жигиттер-мекенчилдердин тобу жана мэрияга менин депутаттык кайрылуум гана ал шерменденчиликти болтурбай койгон! А азыркы мэрияга жана депутаттарга эмне болду?! Элибиздин, улутубуздун түбүнө ушинтип жетишет. Уят, уят, уят! Позор, позор, позор! Кечирилгис шермендечилик, шермендечилик, шермендечилик! — де билдирген турсунбай Бакир уулу.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу