Турсунбай Бакир уулунун жубайы Канайым Жалилова: «Ата-энем, «сага чейин ажырашкан, сени да таштап кетет» деген сыяктуу сөздөрдү айтышкан…»

Экс-депутат, саясатчы, коомдук ишмер Турсунбай Бакир уулу 2016-жылы Каным аттуу жаш кызга үйлөнүп коомчулукта кызуу талкууга түшкөн. Эмесе кызыктуу инсанга жар болгон жандын маегин сунуштайбыз.

-Каным, алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз?

-Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда төрөлгөм. Менин эки ата, эки апам бар. Тапкан ата-энем жактан беш, баккан ата-энем жактан жети бир тууганмын. Эки жактын тең кичүүсүмүн. Мени чоңойткон ата-энем – апамдын эже-жездеси. Алардын беш эркек баланын арасындагы жалгыз кызы турмушка чыгып кеткенде эки жаштагы мени аябай жакшы кѳрүп, багып алууга ниет кылышат. Төрөгөн апам алгач кыйылган менен эжесинин көңүлүн кыя албай берип койгон экен. Баккан энеме аябай жакынмын. Тапкан ата-энемди да жакшы көрөм, алар менен да катышам. Үйдө эркек балдар көп болгонго эркек мүнөз болуп өстүм. Мектепти бүтүп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуп математика мугалими адистигине ээ болдум. Бул кесипти тандоомо мектептеги мугалимимдин таасири күч болду.

Учурда эмне менен алексиз?

-Балдарыбыз эки жана бир жашта. Азырынча балдарымды карап үйдө элемин. Буюрса, күздѳн баштап иштесемби деп ниет кылып жатам.

-Түгѳйү менен таанышкан, табышкан күн эч кимдин эсинен кетпесе керек? -Ооба, биз 2016-жылы январда Эл аралык Хиджаб күнүндө таанышканбыз. Интернет баракчаларынын бириндеги дин боюнча талкууга оюмду жазсам, менден далил сурашты. Мен «Куран китебим жок, болсо далилдеп бермекмин» деп жаздым. Талкууда жолдошум да бар экен, ал мага «сизге Куран китеп белек кылайын» деп жазып, Хиджаб күнүндө жолугушууга чакырды. Ошентип таанышып, мага китеп менен теспе белекке берген. Атын угуп жүрсөм да жанынан көрүп, бул инсандан белек алам деп такыр ойлогон эмесмин. Экөөбүз номер алмашып, ага катары номерин сактап койдум. Үйгө барганда «жакшы жетип алдыңызбы?» деп чалганда телефонумдан чыккан анын ысымын агам кѳрүп калды. Ал ачууланып «өзүң дин жолунда жүрүп улуу адам менен жолугасың» деп урушту. Китеп үчүн эле барганымды айтсам да ишенбей катуу колу тийди. Мени эч нерсеси жок батирге жалгыз бѳлүп салды. Ошондо болочоктогу жолдошума чалып мени менен такыр байланышпай эле коюусун айтып, ал үчүн агамдан таяк жегенимди да жашырган жокмун. Аялга аяр мамиле жасаган жолдошум муну укканда кейип, агама аябай ачуусу келди.

-Бирок бул тоскоолдук сиздердин мамилени токтото албаптыр да? -Агамдын токмогунун кесепетинен башым чайкалыптыр, ооруканага жатып калдым. Менин абалымдан кабары бар ал күндө тамак алып келип, акыбалымды сурап жатты. Мындай мамиледен улам ортобузда жылуулук пайда болду. Башында «сизге тием» дебесем да жактырып калганымды биринчи мен билдиргем. Ал «сиз жашсыз, жаштары чыгат» деди. Бирок, мага болгон сезими бар экенин сезчүмүн. Ошентип үйлөнүү сунушун киргизди. Эки айдай сүйлөшүп, 22 жашымда турмушка чыгууну чечтим. Чечимимди эч ким колдогон жок. Ата-энем, бир туугандарым баары каршы болушуп «сага чейин ажырашкан, сени да таштап кетет» деген сыяктуу сөздөрдү айтышты. Аргасыз мени турмушка курбуларым менен эжем узатты. Каршылыктар ошондо деле токтоп калган жок. Мен кеткен соң атам үйдөгүлөрдүн баарына мени менен сүйлөшүүгө тыюу салды. Атамдын буйругу менен жарым жылдай жакындарымдын эч кимиси мени менен сүйлөшпөй коюшту. Апам гана атама көргөзбөй бир нерселерди жөнөтүп турду. Атам мени аябай жакшы көрчү, кичинемде жанынан чыкпай атамдын кызы болчумун. Үйдүн жумушунан качып барып, атам менен кой кайтарчумун. Акыры үйдөгүлөрдү сагынып ыйлап баштаганымда «урушса, кубалап чыкса да мейли» деп ата-энемдин алдына бардык. Атам үйдө жок экен. Эшикте келишин күтүп турдук. Кудайга шүгүр, атам мени кабыл алды, бирок ошондо да бир ооз кеп сүйлѳбѳй туруп узатып койду. Ошентип тоскоолдуктар артта калды. Бирок баягы мени сабаган агам азыр да мени менен сүйлѳшпѳйт. Экөөбүз аябай ынак элек. Мени бардык жактан камсыздачу. Ушул агамдын батасын алсам дейм.

-Элдин сыны да оңой болгон жок го?

-Мен ооруканалап, биз али сүйлѳшѳ да элек кезде түштѳнүп отурган сүрөтүбүз «Турсунбай Бакир уулу төшөк жаңыртты» деген тема менен интернетке тарап кетти. Турмушка чыга элек мага бул аябай катуу тийди. Андан да оор тийгени ата-энеме асылгандары болду. «Ата-энеси тарбия бербептир, колунда жок болгонго кызын байга беришиптир» деген сөздөргѳ ызаланчумун. Колдорум калтырап, бакырып ыйлачумун. Кудайга шүгүр, ата-энем жети баланы эч нерседен кем кылбай чоңойткон, алар эч нерсеге муктаж эмес. Айрымдар ата-энеме тынымсыз акча, белек салып турат деп ойлошсо керек. Апамдар шаарга келип базарласа мага бир байпактын да акчасын тѳлѳтүшпѳйт. Апам мен бала кезден эле «төркүнүнө ташыган аялдын үйү оңолбойт» деп көп айтчу. Төркүнүнө берген жарыбайт деп өзү да төркүнүнө эч нерсе жылдырбайт. Келгенде сыйлап узатабыз, барганда белектерибизди ала барабыз. Жолдошумдун эл ойлогондой эч кандай бизнеси жок, Алланын берген ырыскысы менен эле жашап жатабыз.Мен үчүн байлык-үй-бүлөнүн тынчтыгы. Азыр элдин кебине маани бербей калдым.

-Түгѳй катары бири-бириңиздерге эмне үйрѳтѳ алдыңыздар?

-Жолдошум бардык нерсени жүрөгү менен кабыл алат. Социалдык тармактардан суроо беришсе «мага ишенип жазып жатат» деп бирөөнүн маселесин өзүнүкүндөй ойлонот. Мага да «эмнеге жооп бербей жатасыз, бул адамды теңине албагандыкка жатат» деп айтат. Деги эле экѳѳбүзгѳ бирге болуу кызыктуу. Ал «аз убакыт сүйлөшсөк да сизди көптөн бери билип жүргөндөй болгом» деп калат. «Менин жүзүмө күлкү тартуулаган сизсиз» деп да айтат. Өзүм күлкүлүү жүрөм да, ошого менин жанымда жүргөн ага кызыктуу болчу. Мен да анын жанында өзүмдү эркин сезчүмүн.Негизи биз көп урушпайбыз, эгер урушсак күнөө көбүнчө менден кеткен болот. Жолдошум тынчтыкты жакшы көрөт.

-Балдарына кандай ата?

-Жолдошум абдан мээримдүү ата. Күйѳѳ, ата менин жолдошумдай болушу керек. Менде бала багууда көйгөй болгон жок. Тунубуз төрөлгөндөн он беш күндѳн кийин эле кызымды атасына таштап окууга бара баштадым. Эртең менен эмизип коюп кетип, эки саатта бир такси менен келип эмизем же окуума алып барат. Уулубузга көп көңүл бурбайт. Ал төрөлгөндө кызыбыз кызганып жаман болгон. Ошондуктан “баламды карасам кызым таарынат” деп убактысын кызына бөлөт. Деги эле кызына аябай жакын, өзгөчө жакшы көрөт. Түнкүсүн такма жалаягын алмаштырат, эки күндүн биринде жуунтат. Кызы да атасына кѳнгѳн, мен тамак берсем жебейт, атасы эмне берсе да жейт. Аны кайда барса ээрчитип алат. Алты айлык кезинде өзү кийинтип туруп жума намазга кѳтѳрүп кетчү. Азыр тойго барарда кызыбызды калтыра туралы десем «анда мен барбайм» деп чыгат. — Сизге жардам береби?

— Ооба, 60 жашка чыкса да жаш баладай шамдагай, менден тез кыймылдайт. Мени аяп, көп жардам берет.Керме бийик болгонго «сиздин колуңуз жетпейт» деп кирди ѳзү жаят. Тазалыкты, иреттүүлүктү жакшы көрөт. Бир нерсе ордунда турбай калса кыжалат болуп өзү эле жасай берет. Балдардын кийимдерин чыкыйта бүктөп, текчелерге бөлүп салып коёт. Уулум аябай ыйлаак болуп түнү менен көтөрүп чыкчумун. Ошондо мага боору ооруп тамакты өзү жасап жүрдү. Диплом жазып жатканымда да эки баланы тең ѳзү карады.Базарга барбайм, үйдө эмне бар, эмне жок бүт өзү билип, баарын алып келип ордуларына салып коёт. Кээде «муздаткычта эмне бар экенин деле билбейсиз» деп күлүп калат. Конок келерде да мени кыйналбасын деп өзү аш демдеп берет. Көп уктабаган адам экен, түштө балдар менен мен уктап турсам, тамак даяр болуп калат. Негизи таңкы намазга күйөөнү аялы ойготот эмеспи, бизде тескерисинче. Түнкүсүн бала менен уйкум бөлүнүп жатып эртең менен тургум келбей жатканда«суу чачам» деп жатып тургузат. Дааратка суу даярдап коёт.

-Сизге чейинки турмуштарындагы балдары менен кандай мамиледесиз? -Балдары чоңоюп,өзүн-өзү багып калышкан. Үйгө келип турушат. Мага «эже» деп кайрылышат, мамилебиз жакшы. Кичүү балдарына (ред: Нуриза Бурханованын) жардам берейин дейт, бирок, аларды апасы көрсөтпөйт.

-Белгилүү адамга жар болуу менен коомдон четтедиңизби?

-Балдар менен болгондо эле таксиге түшпөсөм, көбүнчө маршруттук такси менен эле жүрөм. Мен эмес жолдошум деле шашылыш жумушу болбосо троллейбус, маршрутка менен жүрөт. Мөмө-жемиштерди “Ош базарынан” алат. Коомдук унаадан таанып калып «Турсунбай Бакир уулунун аялы» деп шыбырашкандар болот. Бир жолу артымда отурган эки кыз мени таанып, дароо инстаграм баракчама кирип карашты. Кийин баракчама «жөнөкөй экенсиз» деген пикир калтырышты. Демек, мен баштагыдай элемин.

Булак: Леди kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу