Туризм департаментин Максат Дамир уулу жетектейт

Маданият, маалымат жана туризм министрилигинин алдындагы Туризм департаментинин директору кызматына Максат Дамир уулу дайындалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» министрликтин басма сөз кызматы 20-ноябрда билдирди.

Жаңы жетекчи 33 жашта. АКШда, Жапонияда билип алып, бир канча эл аралык жана жергиликтүү компанияларда иштеген.

Департаменттин мурдагы жетекчиси Азамат Жаманкулов октябрда маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган. Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу