Турат Мадылбеков, экс-депутат: “Мен качып кетпей эле үйүмдө отурам”

– Турат байке, шеригиңиз Райкан Төлөгөнов камалган соң, сиз дагы «чуу» коюп качып кеткениңиз боюнча сөз тарап жатат. Ушуну тактап коёлу дедим эле. Чын эле башыңызга иш түшсө кандай кадамга барасыз? – Эч кандай качып же «чуу» коюп кетпей эле үйдө бала-бакырамдын, неберелеримдин кашында отурам. «Качып кетти» деген болбогон сөз. Ушундай сөздөрдөн башым да ооруп кетти. Кудайдын жазганын көрөбүз да… – Эми Райкан Төлөгөнов камалбадыбы, кийинки «эстафета» сизге тийип калбайбы? Мародерчулук боюнча убагында сизге деле шектүү күмөнсүнүүлөр пайда болбоду беле? – Беш жылдан бери бул ишти УКМК, ИИМ, прокуратура тергеп, иликтөө кылып жатышпайбы. Мен 7-апрель окуясынан кийин Бишкек ШИИББ башчысы катары күнү- түнү кирпик какпай, шаарыбыздын, элибиздин бейкутчулугу үчүн күрөшүп жүрсөм,  кайдагы ыплас иштерге аралашкан болом? Бул боюнча ондогон күбөлөр да мунумду тастыктап беришкен. Буга чейин эле. Эми алдыда кандай болот, Кудайдын айтканын бара көрөбүз. «Баарын камайбыз» дешсе, анда Кыргызстандын тең жарымын камашсын.

Булак: “Азия ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу