Турат Акимов, саясат талдоочу: «Өкмөт башчы Абылгазиев тез арада кызматтан алынышы зарыл»

 Турат мырза, уран зыяндуулугу запкысын калтырбай койгон жок. Бул запкы үчүн эми ким жооп берет?

— Кызыл-Омпол уран казуу окуясына бир жылдай болуп калыптыр. Бир жылдан бери ошол жер көзөмөлсүз, мыйзамсыз казылган экен. Ысык-Көл бекитилген, жабык аймак. Ошого карабастан уран мыйзамдарга карабай казыла берген экен. Эми сегиз айдан бери ошол жердин радиациясы 200 микрорентген болду. Негизи адам баласына 57 микрорентгенден ашык тийбеш керек. Сегиз айдан бери урандын запкысы асманга тарап жатат. Кыргыз жерине, элине таасир берип, эл ууланууда. Эртең рак менен ооруган оорулар көбөйө баштайт. Ушундай мыйзамсыз, кыргыз мыйзамдарына каршы болгон окуяны көзөмөлдөбөгөн премьер-министр кыргыз эли жабыр тартып жатканына карабастан, эмне үчүн бийликте отурушу керек? Мындай премьер-министр ыйманы болсо, өзү эле кетип калбайбы? Эл премьер-министр Абылгазиевдин кетишин талап кылышы абзел. Болбосо бизде ушундай кыргыздын келечегине, укум-тукумуна, урпагына каршы иш улана берет. Анткени урандын радиациясы дүйнө жүзүндөгү эң ачуу, эң зыяндуу химиялык зат. Анан ушундай окуялар болул жатса, өкмөткө парламент неге көңүл бурбайт? Эмне үчүн бул кишини отставкага кетирбейт? Эмне үчүн муну президент колдоп отурат? Эмне үчүн мунун отчетторун парламент «макул» деп өткөрдү?..

Бул киши көзөмөлдөй албаса, мыйзамдар бузулуп жатканын билбесе, анан ушундай мыйзамсыз казууларды алдамчылар казып жатса, Акаевдин доорунан бери ойногон, Кумтөрдүн артында жашынган алдамчы фирмалар иштеп жатканын көзөмөлдөбөсө, иш козгобосо, алар менен жакшынакай ымала түзүп алып эле көз жумду кыла берсе, мындай киши тез арада кызматтан алынышы керек. Буга кыргыз эли, парламент каршы турушу керек. Парламент болсо мунун отчетторун, «үч» деген баа койдук, ынандырды» деп жатышат. Ал эми кыргыздын тупкүрү талкаланып жатканын ким ойлонот?!

— Бийлик өкүлдөрү «уранды жаптык» дешти. Бирок лицензия алындыбы, кайра тазалоо, оңдоо иштери жүрдүбү, белгисиз бойдон турат…

— «Жаптык» деген сөз бар. «Жаптык» дегенден кийин лицензияларын алыш керек. Анан ошол фирмабы, өзгөчө кырдаалдар министрлигиби, барып сегиз айдан бери казылган чуңкурлардын баарын бекитиши зарыл. Үстүнөн бетон куюш керек. Темир-тезектин баарын консервацияга, химчисткага жөнөтүшү шарт. Ал жерде канча фуралар айдалып жүрдү, ошолордун айдоочуларын дарылаш керек. Ошол фураларды да жакшылап жууп-тазалашсын. Анткени, ал унаалар уранга ууланып калган, Ошол фуралар кайра тамак-аш ташып баштайт. Анын уусу бир жолу сиңгенден кийин такыр чыкпайт. Уранды арак менен жууйт. Илгери союз убагында организм алган зыяндуулукту чыгарыш үчүн шахтерлордун баарына арак берилчү. Эми бизде Ысык-Көл менен Нарын аймагында онкологиялык оорулар, ар кандай дарттар менен төрөлгөн наристелердин саны көңбөйөт. Ушунун баарына учурдагы премьер-министр Абылгазиев күнөөлүү. Уран чуусу боюнча атайын иш козголушу керек.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу