Туй байке Жээнбековдун бийлигин уят кылууда, эмнеге чара көрүлбөйт?

“Автодорожный” көзөмөл-өткөрмө пунктундагы атышуудан кийин (Дунларов көпүрөсү) буга чейин парда артында болчу көп иштин бети ачылды. Инсайдерлик маалыматка ээ болуу менен бирге биз кадам сайын аткезчи чиновниктердин бири-бири менен болгон байланыштарын таап чыгып жатабыз. Эми баарын кезеги менен айта баштайлы.

Көзөмөл өткөрмө пунктунда атышкандар Кубан Кочкорбаев – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана Дастан Бейшенкулов – Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин тууганы. Урмат Самаев – “Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештеги депутаты. Бокс боюнча спорттун чебери, “Чемпион” деген лакап ат менен баарына белгилүү. Эртең менен атышуу болгон жерге кудум ушул адам келип, өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып иликтөөгө мүмкүндүк бербей, ишти жайкап койгон. Ошонун аркасы менен милициянын тизмесинде бул окуя катталбай калган, анын жайкооо иши өтө жакшы натыйжа берген. Бул кырдаал ММК жана соцтармактардын жардамы менен коомчулукка шардана болду. Эми эң эле кызыктуу жери: Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев ишти жайгаруучу жана Дастан менен бирге атышууга катышкан Бишкек шаар кеңешинин депутаты Кубан Кочкорбаев баары – “Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү.

Биз Дамирбек Асылбек уулу тууралуу да унутканыбыз жок, ал Казакстанда аткезчилик менен кармалып камалган. Силер аны кайсы фракциядан деп ойлойсуңар? Бул айран таң калтырат, ал да “Кыргызстан” партиясынан да! Ушул жерден “Кыргызстан” фракциясынын 2015-2017 жылдардагы мурунку лидерин да эстөөгө болот. Ал адегенде 2008-2010-жылдары мэр болгон Токмокто, анан эле Чүйгө губернатор болду. Сыягы, бул банда бардык чекара пункттарындагы рычагдарды колго алып койгон өңдүү. Барынан кызыгы, окуя чиеленишкен сайын кылмыштуу топтун аймактары таасын боло баштады. Бирок мындан аркысы да кызыктуу, экс-губернатор ушул тапта аткезчилердин күчтүү үйүрүнүн колдоосу менен жана 2015-жылкы кадыр баркынын өсүшү менен “Кыргызстан” партиясын жетектеп шайлоого барды. Бандиттик ыкманы колдонуп спортчу-аткезчилерди өлкөнүн парламентине жана Бишкек шаардык кеңешине жетелеп келген дейби?

Буга 2016-жылдын үчтүн айындагы окуя күбө, анда КР БШКсы Чолпон Эсенаманованы жана Эльмира Жумалиеваны мыйзамсыз мандатынан ажыраткан, алар Кыргызстан партиясынын тизме менен келген болчу. “Кыргызстандын” анабашчысы БШК менен сүйлөшүп алып, аялдарды парламенттен алып ыргытты. Бул БШКнын бандиттик “Кыргызстан” партиясынын жетекчилиги менен болгон жең ичинен соодалашуусу болчу. Анын натыйжасында Урматбек Самаев “Чемпион” каймана аты бар адам парламентке келди. Эльмира Жумалиева – Боршайком мандатын тартып алган акыйкатсыздыкка ачуууланып: “Бандитизм менен акча Кыргызстан фрациясында баарын чечет”- деп билдирген болчу. Ал ошол мезгилде Самаевдин кайнатасы Туйгуналы Абдраимов БШК төрагасы экендигин билген эмес! Ошентип чиновниктер менен саясатчылардын тыгыз байланышы билинип калды, бийликкке тереңдеп кирип алган аткезчилердин үйүрү белгилүү боло баштады. Бирок бул баары эмес… Дагы бир белгилей кетүүчү факт – Самаевдин кайнатасы Туйгуналы Абдраимов бүгүнкү күндө Чүйдүн ыйгарым укуктуу өкүлү. Губернатор. Туй байкеге бийликтин эмне мынча иши түшүп калды. Анын орду креслодо эмес, темир тор артында болушу керек эмеспи…

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу