Трамптын «чайына» чакырылган депутаттар

Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Алмамбет Шыкмаматов, Нурбек Алимбеков, Жылдыз Мусабекова жана Абдыбек Дюшалиев  АКШ Конгресси тарабынан президент Дональд Трамптын салттуу эртең мененки тамагына чакырылды. Бул тууралуу эл өкүлдөрүнүн социалдык тармактарына жүктөгөн сүрөттөрүнөн күбө болдук.

Маалыматка ылайык, аты аталган депутаттар 3-февралда Америкага учуп кетишкен.

АКШ президентти жыл сайын дүйнөнүн чар тарабындагы эл өкүлдөрү үчүн дасторкон жаят.

Булак: Марал

Аргумент.kg
Жооп калтыруу