Трайбалисттик саясатты жүргүзүп аткан Фарид Ниязовго көңүл бурулабы?

Бүгүнкү күндө айрым ЖМКларда трайбалисттик маанайдагы макалалар жарыяланып атканын көрүп атабыз. Болгондо да бир учурда, системалуу түрдө трайбалисттик маанайдагы макалалардын сериясы жарыяланып калышы жөн гана көрүнүш болбой турганын баарыбыз билебиз. Мындай көрүнүштүн башында сөзсүз би радам тураары бизге башынан белгилүү.

Анын үстүнө журналистика журтчулугунда кайсыл басылма кандай жол менен финансылык маселесин чечип атканы деле табышмак эмес. Өзүнөн өзү эле белгилүү болуп калат. Ошол журналистика тармагында эмгектенген калемдештерибиз өздөрү эле айрым жерлерде алардын басылмасын экс-президент А. Атамбаевдин маалымат-технологу Ф. Ниязов каржылап атканын жана трайбалисттик маанайдагы макалаларды берип атканын айтып алышууда.

Муну далилдеш өтө деле оорчулукка турбайт. Болгону тиешелүү органдар мыйзам алкагында иликтөө жүргүзүп коюшса эле болду, баары ачыкка чыгат. Балким, ошондо Фарид Ниязовдун ишмердүүлүгүнө укуктук баа берилет. Болбосо, трайбалисттик саясат жүргүзүү — бул мамлекеттүүлүккө, анын бүтүндүгүнө коркунуч туудуруу болуп саналат эмеспи.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу