Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”

Т. Тургуналиев: Менин кеңешим: Алмаз, психиатрга көрүнчү.

— Арыбаңыз, Топчуке.

— Бар бол. Сен да арыба.

— Саясый майданды сапырган Атамбаевдин жоругунан баштайлы. Сиздин пикириңиз?

— Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды. Оозуна келгенди оттоп атат. Менин кеңешим: Алмаз, психиатрга көрүнчү.

— Эмне себептен?

— Акыл – эси ордунда болсо мындай иш жасабайт эле да.

— Анын акыл-эсинен күмөнүңүз барбы?

— Бар. Бир эле мен эмес, көп адамдан ушундай кептерди угуп атам. Курултайда аны балчыктан алып чалчыкка чабышты. “Ай, ата-а, эркиндик, адилеттүүлүк, татыктуу турмуш дегендерди эзелтен эңсеген элибиз, тарыхый чукул окуяларды жасап жаткан мезгилде Акаев, Бакиев, Атамбаев бийликтин кыр-чокусундагы сапат деңгээлге жетпей, пастык кылып, экөө чыккынчы болупүчүнчүсү бүгүнкү президентке ууланган балта чабуу менен алек болупабийири айрандай төгүлүп аткан чак” деген өксүк.

— Демек, Атамбаев да татыктуу мамбашчы болалган жокбу?

— Жок!

— Анда эмне кылуу керек?

— Кечирилгис күнөөлөрүнө жараша жазалоо керек.

— Кайсы күнөөлөрү үчүн дейсиз?

Биринчиси, “түндүк-түштүк” мааниде элибизге ажырым салганы, кыргыздын керемет канаттарын – нарындыктарды, таластыктарды кемсинткени, кордогону, мазактаганы үчүн. Кыргыздын карт тарыхында элибизге келжирек тилин тийгизген башчы болгон эмес.

Экинчиси, Кыргызстандын улуттук  кызыкчылыгын тоготпой, кыргыз-казак мамлекеттер аралык мамилелерди бузганы кошул – ташыл.

— Дагы кандай доомат коюуга болот?

Үчүнчүсү, башмыйзамдын пайдубалдык жоболорун тепсеп, хандык-монархиялык бийлик орнотуу, демек, мамлекеттик бийликти жеке менчигине айлантуу-узурпациялоо аракети ачыкка чыкты. Бул өзгөчө олуттуу күнөө.

Төртүнчүсүсаясый атаандаштарына каршы куугунтук салып, түрмөгө отургузганы, “оппозицияны ташбараңга алгыла!” деп ураан чакырганы, анын көңкү кыргыз элине, кыргыз коомунун баардык катмарларына калыстыктын, адилеттүүлүктүн кепилдигин камсыз кылган президент болалбаганы үчүн күнөөлүү.

Бешинчиси, Атамбаев кландык-коррупциялык бийлик топту уюткулаганы жөнүндө ачык, далилдүүайтылып атат. Бул топтун негизги мүчөлөрү белгилүү, сурак берүү чагында.

— Экс-президенттин экономикалык тарапта да күнөөсү барбы?

— Бул, алтынчысы, көркөм чыгармачыларга арналган каражатты кыянаттык менен жеке менчигине камтып, эбегейсиз чоң мамлекеттик мүлктөрдү талкалап, миллиондогон долларларды өз өлкөсүнүн эконономикасын өстүрүүгө иштетпей, башка мамлекетке алакачып байыганы үчүн жооп бериши керек.

— Сиз айткан күнөөлөрдүн далилдери барбы?

— Албетте бар. Элди кемсинткенин баарыбыз укпадык беле. Ал эми мамлекеттик бийликти узурпациялаганынын акыркы далилин айтайын. “Баатыр” деген наамды Атамбаев өзүнө өзү ыйгарды. Президенттик мөөнөттүн акыркы мезгилинде бир-эки кошоматчысынкыйкыртты, жанындагы ляппайчылары буйрук даярдап коюшту. С.Жээнбеков бийликке али толук кирише элек учурду пайдаланып чечим чыгартып койду. Эң негизги маселе – “өлкөгө жасаган кайсы улуу салымы үчүн “баатыр” болду? деп эл таң калды. Ниязов, Ильмиянов эң жогорку даражадагы “Манас” орденине татыктуу беле? Ай-асманга көкөлөтүп, анын адамдык, президенттик сапаттарына дегеле жакын жолобогон, укмуш бааларды берген шүдүңгүттөрдү пайдаланып, атайын тарттырган тасма боюнча Атамбаев Кыргызстандын “баатыр” наамын эмес, дүйнөлүк Нобель сыйлыгын өзүнө ыйгарып алса болмок…

— “Мени досум С.Жээнбеков сатты” дегенге эмне сөз айтасыз?

— “Сооронбайды укпагыла, Сапарды уккула!” деп ким кимди саткан?! Эгерде С.Жээнбеков анынчын эле досу болсо, анда, ушундай чагымчылдык, көралбастык кылмак беле. Байыркы Римде Цезарьды өлтүрөбүз дегендерге кошулуп, анын артынан өлүмүй канжар урган анын “досу” Брут ким болуп атат бүгүн? Атамбаев. Брутизмди кайталап атат. Бирок, колунан келбейт!

— Атамбаевдин эмне максаты бар эле дейсиз?

— Ток этери: “С.Жээнбеков президент болуп шайланды. Бирок ал номиналдык гана мамбашчы болот. Мен өз кланым менен өлкөнү иш жүзүндө башкара берем” деген узурпациялык арам максат Атамбаевдин айныган акыл-эсин ээлеген.

— “Сооронбай, Асылбек Жээнбековдорду мен дайыма сүйрөп жүрдүм эле” деген сөздөрүнүн төркүнүчү?

— Жээнбековдорду “сүйрөп” жүрүп адам кылган, чоң саясатка, мамбийликке кошкон Атамбаев бекен? Ашмалтайы чыгып, чыныгы жүзүн-бузукулугун, арамдыгын ачык билгизген Атамбаевдин “көсөмдүк тарбиясынан”, бүгүн көпчүлүк калктын купулуна толуп турган мыкты президент, депутат жээнбековдор чыккан дегенге ким ишенет да, ким “туура” деп айталат?! Атамбаев жээнбековдорду эмес, коррупционерлерди-сапарларды, “шопурларды”, албектерди сүйрөп жүрүп үчтамганын зынданына түшүрдү.

— “Миңдеген баштуу коррупция менен күрөшүү тандалуу жолу менен болуп жатат” деген пикир кечээ Курултайда да жаңырды…

— Уктум. Бул күрөш бүгүн – эртең эле бүтөт деп ойлоо болбойт, эчен жылга созулат. Президент чечкиндүү баштаган бул чоң казат марафон аралыгынын миңдейине тете.

Эгерде жакынкы беш жылда коррупциянын деңгээли 60-70 пайызга түшсө, анда XXI-кылымдагы кыргыздын улуу жеңиштеринин бири деп айтууга татыктуу дейм.

— Андыктан эмне кылуу керек?

— Кыргызстанды коррупция качан селдей каптай баштады эле?

— Тэ-э 90-чу жылдары.

— И-и, туура. Ошо башатынан бери изилдөө абзел.

— Эмнеге?

— Өзүң менин сөзүмө макул болдуң го. Ондогон миллиард долларга барабар (мүмкүн, мындан да арбын), тоо-тоо болгон байлыктарды ким тоноду эле (“прихватизация” деген жаңы түшүнүктү пайда кылган алаамат)? Башчылар. Алардын анабашчысы Акаев 1995-жылы “коррупция 7-кабатка чыгып келди!; аялы “өлкөдө эң бай жубайлардын бири  жогорку бийликте отурат” деп кимди сөөмөйү менен көрсөттү эле?

— А.Жумагуловду.

— Так айттың. Кумтөрдү эларалык шылуундарга бергендердин экиден бири, кулчулдук келишимге кол койгон баш министр да ушу киши болгон.

— Ооба, өлкөдө мындайлар арбын эле…

— Азыр да аз эмес. Алардын көбүнүн көзү-өзү тирүү.

Коррупцияны тукумкурут кылабыз десек акыркы 25-28 жылда өлкөнү акаевдерден, бакиевдерден, атамбаевдерден бери толук териштирүү адилеттүү иш болот. Ошондо бүгүнкү башчыбыз “коррупция менен күрөштү тандалма жол менен алып баратат” деген сөз түгөнөт.

Бул сунушту мен “Коррупциясыз Кыргызстан” аттуу коомдук уюмдун атынан айтып атам.

— Бул уюм ким тарабынан, качан түзүлгөн?

— Өлкөнүн көрүнүктүү жарандары түптөгөн, кечээ. Аны каттодон өткөрүп атабыз.

— Үнүңөр чыга элек го?

— Ооба, чыгалек. Каттоо кармалып атат. Бүтөр замат укук алып, үнүбүздү бүт өлкөгө уктурабыз, буюруса.

— Топчуке, 21-ноябрдагы Курултайга барыпсыз. Неге сөз сүйлөбөдүңүз?

— Сүйлөй тургандардын чубалжыган тизмесин күн мурунтан эле түзүп коюшуптур. Мен жулкунган жокмун.

— Кандай ойдо калдыңыз?

— Ар кандай.

— Чечмелесеңиз?

— Бир жагынан, Курултайда тагдыр чечүүчү өзгөчө олуттуу ойлор айтылды. Экинчи жагынан, чала баяндалды. Үчүнчүдөн, адилеттиктен тайып кеткендер да болду.

— Биринчиңиз түшүнүктүү. Эмне чала айтылды? Адилеттиктен ким тайды?

— Чаласы. Атамбаев эмнени, кантип узурпацияланганы, анын дагы кайсы күнөөлөрү бар экени; “сот реформасы кандай болуу керек”, анын өзөгү, “жаңы башмыйзам керек” дешти, бирок, кайсы багытта керек болору күмөн калды.

— “Адилеттиктен тайды” дедиңиз?

— Ооба, “С.Жээнбековдун бир жылдык ишмердүүлүгү” дегенде анын эң алгачкы өзгөчө ийгиликтүү кадамдары тууралуу неге айтылбады?

— Кайсы өзгөчө ийгиликтери?

— Атамбаев аты тескери “мүрөк сууга кайф” болуп тургандабы, ким билсин, айтоор, айнык сөздөрдү казактын башчысына (ооба, анын деле мамбашчыга жарашпаган иштери бар дечи) октой тийип, анан эки өлкөнүн мамилеси заматта бузулуп, жүз миңдеген кыргыздарга катуу зыян болгону эсте. С.Жээнбеков жогорку орунга чыгар замат тез арада тиги мамилелерди оң жолго салганы, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик ж.б. ондогон жылдар бою жылбай келаткан көйгөйлөр чечиле баштаганы жадыдан чыкты.

— “Саясый куугунтукка туш келгендер” деп туура айтылдыбы?

— Негизинен туура. Бирок, ал тизмеде кылмыш иш жасагандар да жүрөт. Эгерде алар да саясый себептер менен куугунтукталып атат” десе, анда, бир гана жол бар – алар “кылмыш иш жасаган эмес” деп акталсын, ошондо саясый себеп экени анык болот.

— “Курултай институту эң бийик мамлекеттик бийликке айлансын” дегенчи?

— Элдик курултай коомдук уюм, бийликке кеңеш, сунуш жолдой турган болсо туура. Бирок, ал “эң негизги бийлик органына, болгондо да президент, өкмөт, (ЖКчы?)бир жылда бир ага отчёт бере турган бийлик” болоруна азыркы заманда демократиялык мамлекет наркын терең түшүнгөн адам “бул-утопия; алдыңкы адамзат, анын арасында кыргыз да ынанган үчилтик мамлекет дегендин ордуна төртилтик бийлик орнотуу классикалык түзүлүштү талкалоо” дейт…

— Дагы кандай ой-сунушуңуз бар?

— Мен тэ-э 2010-жылы түзүп, элдик курултайда бекитилип, ЖКга берилген “Люстрация – бийликти тазалоо” долбоорун ЖК токтоосуз мыйзамга айландырса дейм.

— Ал эмнеге кабыл алынбай жатат?

— ЖКда коррупционерлер, мамбийликтен айдалып, экинчи эч качан бийликке жолотпой тургандар толо. Он чактысына качан эле кылмыш иши козголгон. Кетпей, билмексен болуп, тылтыйып отурушат. Анан ушундайлар кабыл алмак беле. Кабыл алышса алардын өз башына союл боло турганын түшүнүп туру да…

— Эл-журтка аксакалдык кандай кеңешиңиз бар?

— “Сын” деген бар. Сын бар. Адилетсиз эмес, чыркыраган чындыкты таамай айткан сын элге жагат. Ооба, мамбийликтин бүгүн да мүчүлүштөрү бар (дегеле, кынтыксыз бийлик болобу?). Кызуу кандыкка, аша чапкандыкка алдырбай, азыркы башчыбызга адилетсиз сөз айтпай, сын айтсак да далили менен айтып, анын оор, эң татаал иштерине жапа тырмак жардам берели. Анын ишмердигинин жакшы-жаманы, мүмкүн, эки жылда толук билинет. Сабыр кылып туралы.

Маектешкен Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан. kg” гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу