Толкунбек Абдыгуловдун да былыктары чыга баштады

Убакыт өткөн сайын эски бийликтин азыр да майлуу, сүттүү кызматтарда отурган чиновниктеринин былык иштери ачыкка чыгууда. Алардын бири, экс-президент А. Атамбаевдин эрке талтаңдарынын бири Толкунбек Абдыгулов аталган банктан туракжай ссудасына деп 6 миллион сом акча алып, бирок бул сумманын 4 миллион 824 сомун эсептен чыгарып салган экен. Айтмакчы, мурда өкмөттө кагаз ташып эле жүрүп “патронунун” амири менен өлкөбүздүн эң чоң казынасын башкарып калганда ушунчалык эсиргенин мындан билиңиз, кайсы бир өкмөттүк жыйында силер чет элдик туристтерди кантип тартууну билбейсиңер, Ысык-Көлгө апийим эксеңер эле туристтер өздөрү келе башташат, мен албетте, тамашалап атам…”,-деп кесир сүйлөгөндө ошол жыйында отурган министр, директорлор эле эмес,
бүтүндөй кыргызстандыктар «алласы» оозунан түшүп, жакасын кармаган болчу.

Көрсө, өкмөттүн маанилүү жыйынында ал өзүн казинодо же калян чеккен барда отургандай элестетип калган тура. Ал эми жакында Башкы прокуратура Улуттук банктын ушул ээн ооз гана эмес, колу да туткак төрагасына берилген турак-жай ссудасы эсептен кандай негизде чыгарылганын текшере баштады. Мындай талапты 1-ноябрда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева коюп, Улуттук банк кызматкерлерине турак-жай ссудасын берүүгө акылуу экенин, бирок аны эсептен чыгарып салууга акысы жоктугун баса белгиледи. «Башкы прокуратура мен айткан фактыны текшерип чыксын. Эсеп палатасынын менин суроомо берген «мыйзам бузуу жок» деген жообунун мыйзамдуулугу да текшерилсин. Мыйзамсыз кечирилген акчаны кайра мамлекетке кайтарып алуу чаралары көрүлсүн» деди депутат Асылбаева. Башкы банк бул маселеге байланыштуу комментарий берип, Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда берилгенин жана 2017-жылдын 31-октябрында ошол акчанын калган 4 миллион 824 миң сому эсептен чыгарылганын тастыктагандан башка айласы калбады.

Карапайым кыргыздар мамлекеттен туракжай ссудасын алууну мындай кой, төрт сотых жерин тарттырып коюп жатканда Улуттук банк 2000-2018-жылдар аралыгында өз кызматкерлерине туракжай маселесин чечүүгө жалпысынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берип, анын 31 миллион 921 миңи эсептен чыгарылган экен. Буларга “баракелде” дегенден башка сөз айта албайсың. Эми аларды текшерип, камап эле койбостон, жегенин кустуруш да керек го…

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу