Толгонай АРЗЫКЕЕВА: “Апам менен дуэт ырдап чыгуу тилегим бар”

Толгонай Арзыкеева мындан туура бир жыл мурун “Деспасито” аттуу чет элдик ырды комуз менен аткарып, анысы социалдык тармактарда хит болуп кеткен эле. Андагы интернет жылдызы учурда чыгармачылыкка олуттуу кирише баштады. 

— Толгонай, канча жашыңыздан бери ырдайсыз?

— Апамдын айтуусу боюнча, менин сегиз айлыгымда тилим чыгып, бир жашка чыкканда так сүйлөп калыптырмын. Ошондон баштап эле үйгө келген конокторго “18 жаш”, “Зима, холода” деген ырларды ырдап берчү экенмин. Кийин музыкалык билим алуумду апам экөөбүз каалаганыбыз менен атам каршы болуп жүрдү. Бирок менин көк беттенгенимди көрүп жибидиби же ырдагандан көрө скрипка ойносун дедиби, Таластан Бишкекке атам өзү жетелеп келип, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин скрипка жана фортепиано бөлүмүнө тапшырткан. Келгенде үч жыл эжемдин үйүндө жүрдүм. Андан соң менин артымдан бүт үй-бүлөм борборго көчүп келишти. Менде социалдык баракчаларга атайын ыр жүктөп, атактуу болоюн деген максат болгон эмес. “Деспаситону” ырдаганга чейин деле ар кайсы тилдеги, жанрдагы ырларды ырдап социалдык баракчама өзүм үчүн эле киргизип койчумун. Бирок эмнегедир ошол “Деспасито” эл оозуна алынып кетти.

— Ырлар, анын артынан клиптериңиз чыгып жатат. Продюсер менен иштешип жатасызбы?

— Башында биргеликте иштешүүнү сунуштагандар көп болгон. Бирок мен алардан баш тарткам. Анткени өзүм эле иштейм деген оюм бар болчу. Ушул убакытка дейре эжем менин менеджеримдин ролун аткарып келди. Учурда чет жакка кетүүгө камынып жаткан кези. Ошондуктан бардык түйшүктөр өз мойнума жүктөлдү. Чындыгында жалгыз иштеген оор экен. Кээде стиль, ыр тандоо жактан кыйналып кетем. Өзүмдүн апамды менеджер кылып койгом. Ал бул чөйрөнүн ашканасын анчейин түшүнө бербегендиктен, кайра: “Эмне кылалы?” — деп менден сурайт. Эми жумушуна жоопкерчиликтүү менеджер издеп жатам. Алдыга койгон максаттар, пландар өтө көп.

— Ыр тандоодо эмнесине көңүл бурасыз? 

— Менин аудиториямды орус, казак эли да түзөт. Ошондуктан өзүмө чек койгум келбейт. Эгерде музыкасы көңүлүмө жакса ырдай берчүмүн. Өзүм байкасам, жалаң эле ырдын обонуна басым жасай берет экенмин. Тескерисинче, ыр аркылуу сөздүн маанисин жеткирүү керектигин түшүнгөндөн кийин сөзгө да көңүл бура баштадым. Учурда беш ырым жана төрт клибим бар. Сөз жаза албасам да өзүм обон чыгарам. “Маскарапоз” фильминин саундтреги болгон “Балалык” чыгармасынын обону мага таандык. Саундтрек телеканалдардан кете баштаганда обонуна башка адамдын ысымын жазып койгонуна абдан капа болгом. Бирок, балким, адашып жазып алган деген ой менен териштирүүгө барган жокмун.

— Эмне себептен Орусия жана Казакстандын продюсерлеринин биргеликте иштешүү сунушун четке кактыңыз?

— Мени эл тааный баштаганда кыргыздардан тышкары эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн дагы иштешүү сунушу келген. Ошондо көп адамдар: “Кетип эле кал”, — деген кеңештерин беришкен. Эгерде алар бир же эки жылдык келишим менен эле иштешүүнү кааласа, баш тартмак эмесмин. Алардын шарты боюнча Кыргызстандын атынан эмес, өз өлкөсүнүн ырчысы катары чыгарышмак. А мен өз мекениме кызмат кылууну каалайм.

— 11 жыл музыкалык мектепте окуп, азыр журналистика кесиби боюнча билим алып жатыптырсыз?

— Ооба, М.Абдраев мектебинин тажрыйбалуу, күчтүү мугалимдеринен 11 жыл сабак алдым. Эми ушунча жыл алган билимимди иш жүзүндө көрсөтүүм керек. Келечекте чет элдик күчтүү вокалисттерден сабак алып келүү тилегим бар. Ага чейин өзүмдү башка тармактан да сынап көргүм келет. Мектепти бүтүп, Улуттук университеттин бизнес башкаруу бөлүмүнө тапшыргам. Азыр журналистика факультетине которулдум. Мектепте окуп жүргөндө иш-чара, концерттерди жалаң мен алып барчумун. 1-курста окуп жүргөндө КТРК дагы “ Туура тамактануу” берүүсүн алып барып калгам. Ошондон улам бул кесипке да кызыгуум башталган.

— Актрисалыкка да кызыгасызбы?

— Бул тармакка да кызыгам. Алгач Нурмат жана Данияр байкелердин клиптерине катышкам. Бул клиптен мени көргөн режиссёр “Кокуй кошуна” фильминин кастингине чакырды. Себеби алар элестеткен образга менин келбетим, күлгөнүм, мимикаларым окшош экен. Андан соң “Браво 2” тасмасына катышууга чакыруу алдым. Анда көп деле ролум жок, сүйлөбөй эле жылмайып жүргөн созулган кызмын. Дегеле кино индустриясы менин жүрөгүмө жакын кесип. Кичинекей кезимден эле “ыйла” десе дароо ыйлап, “күл” десе күлүп, анан дагы кемпирдин ролун жакшы көрүп аткара берчүмүн. Кинону көп көрүп, андагы каармандарды кайрадан күзгүнүн маңдайына туруп алып туурачумун. Азыр да бир тасма жана бир сериалга тартылууга сунуш түшүп, алардын үстүнөн иштеп жатам. Буюрса, август айларында тартуу иштери башталат. Профессионал болбосом да, ички дүйнөм менен образга кирип аткарууга аракет кылам.

— Таланттуу кыздын ата-энеси да чыгармачылыкка жакын адамдарбы?

— Атам менен апам экөө тең бизнесмендер. Бирок апам опера ырларын жакшы ырдайт. Ырчы болуу апамдын кыялы болгону менен, бул кыялы орундалбай калыптыр. Ошондо кызынын ырчы болушун тилек кылыптыр. Апамдын ырчы болуу кыялын азыр мен орундатып жатам. Мени эл таанып, жакшы ырларды чыгарсам, апам менен дуэт ырдап чыгууну ойлоп жатам. Атам башында каршы болчу. Азыр ата-энем — менин биринчи колдоочум, демөөрчүм.

— Жүрөгүңүздү багынткан адам барбы?

— Мага кылган мамилеси түз, сүйлөгөнү орундуу, ата-энесин сыйлаган, алдыга койгон максаты бар, анан эң негизгиси ыймандуу мүнөздөгү жүрөгүмдүн ээси бар. Сүйлөшкөнүбүзгө бир жыл болду. Башка балдардай эле чыгармачылыкта биротоло калуума каршы, бирок азыр колдоо көрсөтүп жатат. Кыз кишинин бакты-үй-бүлө куруп, балалуу болуу деп билем. Убакты келгенде чыгармачылыкты үй-бүлө үчүн таштоого даярмын.

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы

Аргумент.kg
Жооп калтыруу