Токтосунов: мыкты алып баруучу актер болуп, тили буудай куурушу керек

Анын айтымында, эфирге чыккан адам ар кандай кырдаалга даяр болушу зарыл.

«Мыкты алып баруучунун эң алгач деңгээли, интеллектиси бийик болушу керек. Мисалы бүгүн тышкы иштер министри менен эфирге чыксаң, эртең саламаттык сактоо министри менен маектешип калышың мүмкүн. Маселени терең билбесең ал жетекчилер алып баруучуну тебелеп кетет. Анан, албетте, тили бай жана курч болушу кажет», — деди Токтосунов.

Ал алып баруучуда сөзсүз актердук чеберчилик болушу керектигин кошумчалады.

Деги эле алып баруучу болуу үчүн төмөнкү сапаттардын  болуусу шарт экенин да баса белгилеп өттү.

Алар: Жогорку интеллект, актердук чеберчилик, тилдин так болуусу, кырдаалды көзөмөлдөй билүү, аудитория менен иштеше билүү, программаны кульминациясына жеткирүү- бул мыкты алып баруучуга тиешелүү сапаттар.

Андыктан кулагыңыздарга күмүш сырга.

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу